00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекболотов: жумушту эркектики же аялдыкы деп бөлүү туура эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековЧач стилисти Тилек Бекболотов
Чач стилисти Тилек Бекболотов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Чач стилисти Тилек Бекболотов жумушту эркектики же аялдыкы деп бөлүү туура эместигин айтты.
Башында кесибимди көп эле тууган, тааныштар колдогон эмес. Алматыдан биринчи миллионду иштеп тапканда өзүмө ишенип, ошондо жумуш эркек-аялдыкы деп бөлүнбөсүн түшүндүм. Мындай пикирин Тилек Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бекболотов: жумушту эркектики же аялдыкы деп бөлүү туура эмес
Анын айтымында, биринчи жолу чач жасалгасын тойго жөнөп жаткан апасына жасап берип, анын курбуларынын мыкты деген баалоосун алган.
"Орто мектепте окуп жүргөн учурда журналист болом дечү экенмин. Мектепти аяктагандан кийин Кара-Балтада эки айдай чач кыркууну үйрөндүм. Иштеп, кардарлар көбөйө берди. Туура кыркып жатамбы, туура эмеспи, өзүм деле билчү эмесмин. Ошол жакта Наргиза деген кыз менен чогуу иштечүмүн. Ал кеткенден кийин социалдык тармактан жазышып калсак, Алматыга кеткенин айтып чакырып калды. Ал жакка барып өз ишин мыкты билгендерден чач тарач кесибин терең үйрөнгүм келди. Семинарларга калтырбай катышып жаттым. Ага каражатты кантип тапчумун деп азыр ойлонуп калам. Бир учурда окуп да, иштеп да жаттым, кыйналган күндөр да болду. Ишим турукташып калганда үйдү ремонттоого ата-энеме үч миң доллар жөнөтсөм, алар "бул каяктагы акча?" деп таң калышкан. 2010-жылы Алматыда алгачкы жолу бир миллион сом иштеп тапкам. 2013-жылы Алматыдан "Стиль академиясы" деген журналдын Бишкектеги өкүлү болуп дайындалып, борборго келдим. Анда азыркыдай социалдык тармактар жок, жасаган ишибизди журналдарга чыгарып өзүбүздү таанытчубуз. Шоу-бизнес өкүлдөрү менен таанышып, алар менен иштешип, жаңычылдык киргизип, өзгөчө образдарды алып чыктым. Чоң-чоң долбоорлордо чачтарды жасалгалап өзүмдү тааныштырып жүрдүм. Кызматташуу аркылуу чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен мамиле түзүлүп калды. Башында менин кесибимди түшүнгөн, колдогондор аз болду. Чач тарач, ашпозчулук аялдарга гана тиешелүү деген түшүнүк туура эмес. Ар кандай оор сыноолордон өтүп, эмгек менен ушул деңгээлге жеткенден кийин башка бирөөнүн оюн кабыл албай деле каласың. Бирөөлөрдүн кол алдында иштедим. Болбойт экен деп акыры өзүмдүн студиямды, окуу борборун ачтым. Мен азыр иштеп жатам деп айта албайм. Бул ишимден эс алам. Жумуштун арты менен эл-жер көрүп, Россия, Казакстандан баштап, тээ Японияга чейин бардым. Түркиянын ар кайсы шаарларына барып мастер-класстарды өтүп турам. Чет өлкөдө бизди баалашат", — деди Бекболотов.
Ал стилистиканы предмет катары 10-класстан баштап окутуу идеясын билим берүү тармагына сунуштай турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0