Кыргызстан 10 айда баалуу металлдын 3 миң тоннадан ашык калдыгын сатты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБаалуу металлдын калдыгы. Архив
Баалуу металлдын калдыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Баалуу металлдардын сыныгы менен калдыктары 8,6 миллион долларга бааланды. Аны Россия менен Литва көбүрөөк сатып алган.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылдын январь айынан октябрь айына чейин баалуу металлдын 3 086,7 тонна калдык жана сыныктарын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Жалпысынан товар 8,6 миллион доллардан ашуун каражатка бааланган.
Сатып алган өлкөлөр:
Россия — 1 255 тонна;
Литва — 676,1;
Эстония — 649,8;
Германия — 396,4;
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 55,3;
Нидерланддар — 54,1.
2020-жылы ушул эле убакта баалуу металлдын 3 467,8 тонна сыныгы жана калдыгы 11,6 миллион долларга сатылган.
Күмүш куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Баалуу металлдардын биринин экспорту 7,2 тоннага кыскарды
Дүкөндө азык-түлүк салынган араба. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда Казакстандан алынчу азык-түлүктүн запасы кандай? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0