Бишкекте 38 жаштагы кишини лифт кыпчып калып каза болду. Сүрөт

© Sputnik / Владимир ФедоренкоЛифт. Архив
Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Улан кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 11-январда, 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен кирип жаткан учурда лифт өз алдынча иштеп кеткен. Ымыркай жабыркаган эмес.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.
Өрт учурдагы ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн эки аял менен эки бала каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0