Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн эки аял менен эки бала каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт учурдагы ӨКМ кызматкери
Өрт учурдагы ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Өрт өчүрүү кызматына Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 6:50дө түшкөн.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда турак үйдөн чыккан өрттөн төрт киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, Өрт өчүрүү кызматына Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 6:50дө түшкөн. Жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 9:28де тилсиз жоону чектөөгө алган.
"Кырсыктын кесепетинен 41 жана 39 жаштагы эки аял, 12 жана 2 жаштагы балдар көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрт өчүрүүчү автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Кыргызстанга Россиядан өрт өчүрүүчү жаңы унаалар келди. Видео
Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган кампадан өрттү өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Карарган дубалдар, түтүн аралаган өрт өчүрүүчүлөр. Күйгөн кампадан 9 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0