Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Так маалымат жарыялаңыздар! Кыргызстан Казакстанга тынчсыздануусун билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
Нуран Ниязалиев казакстандык кесиптештерине кыргыз тарап өтө тынчсызданып турганын билдирген.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын ТИМ башчысынын орун басары Марат Сыздыков жана Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Андан да Викрам Рузахуновго байланышкан кырдаал боюнча кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирген.
"Ниязалиев казак тарапты өлкөдөгү акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык, КР жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Рузахуновдун жакындары менен ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директору жолугуп, бардык жагдайларды тактоо боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Министрлик тарабынан аны тезинен бошотуу жаатында мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлөрүн убадалаган.
Ошону менен бирге тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын ТИМинин жетекчилиги менен туруктуу байланышта жана ал жакта жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештердин маселеси көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз. Садыр Жапаров билдирүү жасады
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорист катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыкты. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп коңшу өлкөгө нота жиберилерин айткан.
Казак аскерлери Алматыга баруучу жолду көзөмөлдөп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0