00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Майдаланбагылачы! Эркектер кыжырды кайнатканда

© Фото / Pixabay / SvetlanaLexЭркек менен аял уруш учурнда. Архив
Эркек менен аял уруш учурнда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
Кыргыздын чыныгы жигити көк жал, намыскөй, камкор болуп, эзелтен аялзатын астейдил ызаттап келген.
Бирок арабызда айткан сөзүнө турбаган, аялдар менен урушуп, айтышып, кыздардан өтүп жасанган эркектер да жок эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет мырзалардын кыжырга тийген учурларын кыз-келиндерден сураштырып көрдү.
Ушакчылар. Булар ушакташканда аялдар бери жакта эле калат. Кесиптештеринен тарта кошуна-колоң, дос, аяш, айтор, бир адамды жөн койбой "жиликтеп" чыгышат. Ал аз келгенсип өзүнүн аялын башкалар менен талкуулаганда айтарга сөз таппай каласың.
Короз эркектер. Мындай мырзалардын жанында айрым аялдар өзүн оңтойсуз сезип кетет. Таранып, жасанып эсти оодарат. Таза, жакшынакай болгону жагымдуу деңизчи, бирок кыздардан өтүп салонго айына эки-үч жолу барып, кашын тердирип, тырмактарын жасатканда бери жакта туруп күйүп кетесиң. "Андай болду, биротоло көйнөк кийип албайсыңбы" деп айткың келет. Алаасы жерге тийчүдөй же чапташкан шымдарды кийип алып, кыздарга сын такканын кантесиң… Ии-ии кебетең менен сенин!
Эркектин чарбачыл, тапкыч болгону жакшы да. Бала-чакалуу болгондо да короздонуп жүрө берсе эмне таажысын кесип жейбизби? Кээ бирлери бар, артына тепсең эки тыйын чыкпайт да ааламдын байлыгын басып койгондой мактанат. Кыз кызыкса эмнең бар, эмнең жок экенин сенден сурабай эле билип алат.
Майдаланган мырзалар. Эркектин эркектей болгону жакшы. Болор-болбос нерседен уруш чыгарып, эзилип мээни жей бергендер аман эле болсун. Кыргыздын эркеги качан эле аялдын оокатына кийлигишип үйдө отурчу эле?! Эркектик сүрүңөр жоголуп баратат. Кенедей маселени чоң көйгөй кылып алгандар да жанды кашайтат. Андайлар кыйын кырдаалга кабылсаң артын карабай качат го. Ооба, ансыз деле силерди сыйлап өйдөгө отургузуп, башыбызды иебиз. Ошол сыйды сыйдай түшүнсөңөр эле болду. Берешендик мырзалардын асыл сапаты экенин унутпай жүрсөңөр!
Конкурс красоты и грации Miss Asia Russia - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2018
Бетти эле жыша бербей, курсакты тартып койчу! Сулуулар кыжырды кайнатканда
Оозу менен орок оргондор. Социалдык тармактарда оозу менен орок оргон эркектер көбөйдү. "Тиги минтиптир, бул тигинтиптир" деп ар кимди сындап, кыздардын сүрөтүнө "лайк" басып, "комментарий" жазгандан башка эч нерсени билишпейт. Анан да интернетте эки-экиден кырылгандарычы. Кыйын болуп сүйлөгөндөрү менен ишке келгенде колдорунан балээ да келбейт. Тушалган аттай гана туруп беришет го. Таанышып сүйлөшүп калсаң түрдүү гүлдөрдүн сүрөтүн жиберип чарчатат. Тойдум ошол электрондук гүлүңөргө! Калп эле романтик боло бербей кармап, жыттап көрө турган гүлдөрдү жиберсеңер жүрөк жылып калмак.
Чечкинсиздер. Бир эжем "кыздар акылдуу, келишимдүү, абройлуу жигиттерди жактырат, бирок чечкиндүүлөргө турмушка чыгат" деп айтты эле. Эр жүрөктүк мырзалардагы эң баалуу сапат. Бирок арабызда былжырап бир маселени өз алдынча чече албаган, аялына же апасына көз каранды эркектер дагы бар. Бир чечимге келе албай эзилгенде басып кеткиң келет го, чиркин. Тар кечүү, тайгак жолдордо сага таянам деп жүрсөм бул кылганың уят го… Арыдан бери болчу, берекем!
Кыздардын өзүнө эмес байлыгына кызыккандар. Селкинин сулуулугуна мас болуптур десе түшүнөм. Бирок "катын албай, кайын ал" деген сөздү туу туткан мырзалар да арабызда бар турбайбы. Кыздар менен таанышпай жатып атасы кайда иштээрин, өзү канча айлык аларын сураганда таң каласың. Оюнда байдын кызын издеп жүргөн го…
Өзүн "Кудай" сезип алгандар. Мындай эркектердин оозунан "аял тигиндей болушу керек, аял мындай болушу керек", "аялга баш ийбеш керек", "мен эле мен" деген сөздөр түшпөйт. Өздөрүнүн төгөрөгү тим эле төп келет. Булар аялды экинчи эмес, акыркы орунга коюп, алардын ою, пикири менен эсептешпейт. Аял деле адам. Аларды сүйүп, сыйлаган сайын көркүнө чыгып "эркегин" көккө жеткирет. Аша чаап кызганчаактар да аман болсун. Мындайлар өзүнүн аялын эле эмес, башкаларды да кызганып, сүйлөнүп, сын тагып айланы кетирет.
Салоны красоты в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2018
Кара далы болуп калба, карагым. Кыздар кыжырды кайнатканда
Жаңылыктар түрмөгү
0