Кара далы болуп калба, карагым. Кыздар кыжырды кайнатканда

Жазылуу
Сүлкүлдөп турган жаш куракка эмне жетсин. Селкилер чачын силкип, чайкалып маралдай басып бара жатса кимдерди гана суктантпайт. Бирок көйкөлгөн сулуулар да кээ бир учурда жигиттердин айласын алты кетирип, жанын кашайтып жиберет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мырзалардан бойго жеткен кыздардын кыжырды кайнаткан кылыктарын сураштырып көрдү. Бул бийкечтерди басынткандык эмес, болгону ушул нерсени билип, жоюп коюшса деген аракет.

"Байлыгыңдын" жарымы менде калып… Жаш кезде ар бир кыз өзү эле татынакай. Бирок ошол сулуулукту ого бетер сулуу кылам деп жан далбастап алышат. Айрымдарынын бетиндеги беш кабат тонду көргөндө, баса калып жууп салгың келет. Косметиканы да аз колдонуп, ошол эле учурда келбетине жараштырып боёнуп алгандар бар. Сөзсүз эле эмне көрсө, ошонун баарын чаптап чыгып, жүрөктү түшүрүү кажет эмес да. Анан да өпкөндө бетти кызартып, жөлөнгөндө көйнөктү булгайт экенсиңер. Жолугушуудан кайтканда бетиңердеги "байлыктын" жарымы мага жабышып калууда. Кирпиктериңер узаргандан узарып эле бара жатат, жакында чымчыктар конуп албаса эле болду. Кашты да кыйла эле кыйнап жатасыңар, эми чекеңерге гүл тартып алсаңар да таң калбайм го.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Атыр себинбей эле койгулачы! Маршруткадагылар кыжырды кайнатканда
Чучуктай жабышкан шымдар. Эртеңки күнү болочок эне болору менен иши жок. 10-класстагы шымын таап чыкканбы эмне балээ, чапташтырып кийип алганда эки санын чучуктай элестетесиң. Аны фигурасын көрсөтүү максатында кийди дейин десең, кечирип кой мактанаарлык деле эмес. Андан көрө башка шымын кийсе көбүнө жагаар беле… Өпкө боорун ачып алып, жүргөндө "сен оорубаганда, мен ооруймунбу" деп сурагың келет. Жаштык да өтөт, жүзүбүздүн ыраңы да өзгөрөт. Бирок ден соолук дайым керек. Чүпөрөктү үнөмдөгөнсүп эптеп эле бир нерсени илип алышканын көрүп жүрсөңөр керек. Кыскарып эле баратат, кыскарып эле баратат… Ушундай кийинип тең-туштарынын арасында жүрө берсе түшүнөм. Кудайдан жөө качкансып улуу кишилер турган жерге же офистин ичине кирип барганда бери жакта туруп, мен уялам.

Жаагы басылбагандар. Таң каласын, жапжаш болуп алып башынан көптү өткөргөндөй сүйлөйт. Билсе, билбесе да аралашып унааны сүйлөсөң капоттон, согушту сүйлөсөң окоптон башын чыгарат. Жашабай жатып акыл айтып киргенде баш чайкагандан башкага алың келбей калат. Курбуңар менен ушакташа бергиле, аныңарды бизге ташыбай эле койгулачы. Ии баса, дос балаңарга жигитиң сага канча гүл берип, кантип эркелетип жаткандарын мактануу туура эмес. Биринчиден ага кызык болбойт, экинчиден жаныңды кашайтат.

Кечигүү силер менен кошо туулганбы?!. Кайсы жакка барбасын, дайыма эле кечигет. Эртең мененки саат 10го чакырсаң деле, кечки саат 10го чакырсаң деле ушул көрүнүш. Кечигип отуруп канча сонун нерседен кур калмай болдуңар. Азыр беш мүнөт дегени бери жагы бир жарым саат. Бул баалангандыкпы? Убакыт экөөбүздү күтпөйт, башка жерден назданчы, садагасы.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Кара далы болуп калба, карагым! Карап турсаң капкара эле кыз, сөзгө тартсаң текеберленип чыгат. Бойду да көтөргөн жерден көтөрсөчү, көрүнгөн жерден тыңсынбай. Билем, "кыз бааланбаса баркы кетет" дейт, назы менен болуш керек. Бирок баарын эле "ал менин табитиме туура келбейт" деп теңсинбей мурдуңарды чүйүрө берсеңер жаштыктын каткырган, күлгөн, ырдаган, бийлеген жыргалын качан көрөсүңөр? Андай кыздарга чо-ооң күзгү сатып бериш керек. Күзгүнүн чоңу өзүн ак куу элестетип жөргөндөргө жардам берет. Силерди жерибейм, кара далы болуп калбагыла деп күйүп жатам да. Анан да бат өзгөргөн селкилер бар. Бир күнү андан жөнөкөй, түшүнүктү адамды таппайсың. Ага үйлөнүү кыялы оюңа келип экинчи күнү карасаң ажыдаар ийнинен чыккандай. Айтор, кыздарды түшүнүш кыйын.

Жүдөмүш кыздар… Базарда картошканын баасы канча экенин, тамакка туз салууну билбеген кыздар жигиттерди ойго салат. "Эркек ашказаны менен сүйөт" деп бекеринен айтылбаса керек. Андыктан тамакты даамдуу жасаганды үйрөнүп алгыла. Үйлөнгөндөн кийин эч ким күнүгө кафеден курсагын тойгузуп же үйдө "Доширак" жеп отурган эмес. Төрт идишти жууп, эки бөлмөнү тазалап коюу кээ бир кыздарга кетмен чапкандай оор келет окшойт. Бир нерсе кылайын деген ою жок, отурган жеринде катып калат. Ичине эле кирип кетчүдөй болуп, тиктегени эле телефон. Кокус үйүнө кирип калсаң, жоголуп кетейин дейсиң. Селкилердин таза, тыкан болгону кандай жакшы э?..

Жаңылыктар түрмөгү
0