Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Көлөпов: укук коргоо жана сот органдарына арызданып кайрылгандар арбын

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов
Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов келип түшкөн кайрылуулардын 60 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча арыз-даттануулар экенин айтты.
2019-жылы кирген кодекстерден улам тергөөчүлөрдүн иши боюнча келип түшкөн нааразычылыктар абдан көбөйдү. Бул тууралуу Альберт Көлөпов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Көлөпов: укук коргоо жана сот органдарына арызданып кайрылгандар арбын
Анын айтымында, соттор мурда соттолбогон, жеңил кылмыш менен отургандарды убактылуу камакта калтыруу чечимин чыгарып, адам укугун бузган учурлар байма-бай катталып турат.
"Жарандардан кат жүзүндө түшкөн арыздардын 60 пайызы укук коргоо жана сот органдарына болгон арыз-даттануулар. Акыркы беш жылда статистика ушинтип өсүп кетти. Биздин кызматкерлер сотто эле жүрүп калды. Жыйынтыгында барып берели десек, жарандар толугу менен коштоп, катышып берүүнү талап кылып, өтүнүшөт. Бул алардын укугу, айла жок аткарабыз. Акыйкатчы институту соттордун иш алып баруусуна карата 46 акты түзө алат. Ал эки тарапка бирдей мамиле кылуу, олуттуу жүйөөсү жок болсо отурумду жылдырбоо, жеңил кылмыш менен түшкөн, мурда соттолбогон адамды сотко чейинки камак жайында калтырбоо сыяктуу маселелерге биздин кызматкерлер киришип, акты түзө алышат. Ал эми процесстин ички ишине киришүүгө акыбыз жок. Биздин тажрыйбада көп учурда акча карыз болгон жарандарды сотко чейинки камак жайында калтырып коюу менен соттор адам укугун бузушат. Мындан сырткары, 2019-жылы ишке кирген кодекстерден улам бир тергөөчүгө бир учурда 400-500 иш берилип, жыйынтыгында аларга болгон нааразычылыктар да күч алды", — деди Көлөпов.
Ал Акыйкатчы институту мамлекеттик органдар өз милдетин так аткарбай, жарандын укугу бузулган учурдан кийин гана аракетке келүүчү мекеме экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0