00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Унчукпай отуруп бер! Ташиев Кадырбеков менен Айдарбековду какты. Видео

Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте Казакстанга аскер күчтөрүн жиберүүгө каршы чыккан депутаттар — Нуржигит Кадырбеков менен Чыңгыз Айдарбековду какты.
Кадырбеков эгер кыргыз жоокери бир нерсе болсо жоопкерчилик Жогорку Кеңештин депутаттарында болорун айтты. Андыктан ал адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эместигин билдирген.
Ал эми Айдарбеков эгер ЖККУнун бир эле өлкөсү макулдук бербесе, жалпы чечим кабыл алынбай турганын белгиледи.

“ЖККУнун чечимдери консенсустун негизинде кабыл алынат. Эгер бир эле өлкө каршы болсо чечим өтпөйт. Биздин өлкөдө аскер күчтөрүн жөнөтүүнү Жогорку Кеңеш чечет. ЖККУ уставынын 5-беренесинде “Агрессия жасалган учурда” деп турат. Агрессия ким тарабынан болду? Андан кийин “Жамааттык коргонуу иштери жасалат” деп жазылган. Кимден коргонот? Өз элиненби?” — деп суроо салды Айдарбеков.

Андан соң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эгер Кыргызстан мамлекеттик деңгээлдеги макулдашууну аткарбаса, эртең казак тарап чек араны жаап салса азыркы депутаттарга жооп бербей турганын белгиледи.
“Урматтуу депутаттар, азыр өзүн пиар кылууга убакыт болбой жатат. Мен ачык эле айтып коёюн, азыр “Ак жол” менен “Ак тилек” чек ара бекеттерин жабышты. Эртең эмне үчүн бизге ун келбей калганына, бир кап ун 10 миңге, литр бензин 100 сомго чыгып кеткенине Айдарбеков жооп берсин. Мамлекетти дагы ойлошубуз керек. Биз эми көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз да, сиздердин алдыңыздарга жалынып-жалбаргыдай. Өзүбүз үчүн эмес, силер, мамлекет, коомчулук үчүн чечип жатабыз”, — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Кадырбековду дагы кагып, ал өзүн пиарлап жатканын айтты.

“Эртең бир нерсе болсо Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт, “мен адамдардын канынан корком” деп коюп отурат ошол креслосунда. Ошондуктан, депутаттар, мен сиздерди дагы бир жолу чакырып кетем, азыр өзүн пиарлап, саясат кыла турган убакыт эмес. Мамлекеттик деңгээлде, президент кабыл алган чечим. Эгер добуш бере албасаң пиарланбай, канды оозуңа албастан жакшынакай болуп унчукпай отуруп бергин. Азыр жети чек ара постунун төртөө жабылды, эртең баары жабылгандан кийин Кадырбеков унду желкесине көтөрүп ташып келип береби?” — деди УКМК төрагасы.

Андан соң Кадырбеков ортого чыгып, Казакстан мындан дагы кыйын күндөрдө чек арасын жапканын белгилеп, адамдын жан дүйнөсүнө кирип-чыкпагандан кийин “пиар” деген сөздү айтуудан карманууга чакырды.
Ташиев саясаттагы көп жылдык тажрыйбасын эске салып, “кайсы депутаттын ою кандай экенин айттырбай билем” деп жооп берди.
Ар кандай эмоциялуу сөздөр айтыла баштагандыктан депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынын жабык эшик артында өткөрүүнү чечишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0