Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

ЖМКлар Казакстанда интернет жапырт өчүрүлгөнүн жазып чыгышты

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүИнтернет жабдуулары. Архив
Интернет жабдуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Интернеттин жапырт өчүрүлгөнүн GlobalCheck сервиси жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:40та каттаган.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстан боюнча интернеттин өчүрүлгөнүн жазып чыгышты.
GlobalCheck сервисинин маалыматы боюнча, "Казахтелеком" оператору интернетти саат 17:40та жапырт өчүргөн.
Маалыматты NetBlocks долбоору да ырастоодо.
Негизги ЖМКлар менен мамлекеттик органдардын сайты да жеткиликсиз болуп турат. Мындан тышкары, телефондук байланыш да өчүрүлгөнү айтылууда.
Алматы шаарындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматы: митингчилер тез жардам унааларын талкалап, медиктерге тоскоол болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0