Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанда митингчилер Актауда чогулуп, күч түзүмдөрү тартылды. Видео

© AFP / IGOR NESTEROVКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Буга чейин митинг Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында болгон. Эми облустун борбору Актауда жүздөгөн киши нааразычылык акциясын улантууда.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Казакстанда газдын кымбатташына нааразы болгондор Актау шаарынын Ынтымак аянтына чогулууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Аянтта жүздөгөн киши газдын наркын түшүрүүнү талап кылууда. Видеодон аскерлерди, полиция кызматкерлерин да көрүүгө болот.
Агенттиктин жазышынча, ал жакка Улуттук гвардиянын жоокерлери тартылганы айтылууда. Бирок Казакстандын ИИМи маалыматты тастыктаган эмес.
2-январда Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында ондогон жашоочу газдын баасын төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыккан. Шаардыктардын айтымында, 1-январдан тарта көгүлтүр оттун баасы дароо 120 теңгеге көтөрүлүп кеткен. Алар айлык акынын минималдуу чегин эске алып, газдын баасын 60 теңгеге чейин түшүрүүнү жана дайым болуп турушун талап кылышууда. Жергиликтүү бийлик бааны жөнгө салууга кийлигише албай турганын жана наркты мурунку калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин билдирген.
Белгилей кетсек, Казакстанда айлык акынын минималдуу чени 1-январдан тарта 42 500 теңгеден 60 миң теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Президент Касым-Жомарт Токаев Жаңаозендеги митингге байланыштуу өкмөткө ыкчам тапшырма берген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев Жаңаозендеги митингге байланыштуу өкмөткө ыкчам тапшырма берди
Жаңылыктар түрмөгү
0