Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Токаев Жаңаозендеги митингге байланыштуу өкмөткө ыкчам тапшырма берди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
2-январда Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында ондогон жашоочу газга бааны төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыккан. Митингчилердин кээ бири шаарга карай кеткен жолду тосуп алган.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жаңаозен шаарындагы газдын кымбатташына байланыштуу митинг боюнча үн катты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Мен өкмөткө Жаңаозендеги кырдаалды экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен тезинен укуктук талаада кароону тапшырдым. Нааразычылыкка чыккандар коомдук тартипти бузбашы керек", — деп жазган Токаев Twitter баракчасында.
Президент жарандар жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарына өз талаптарын ачык айтууга укуктуу экенин, бирок бул мыйзамга ылайык ишке ашышы керектигин белгилеген.
2-январда Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында ондогон жашоочу газдын баасын төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыккан. Жергиликтүүлөр бийликке видео кайрылуу жолдошкон. Шаардыктардын айтымында, 1-январдан тарта көгүлтүр оттун баасы дароо 120 теңгеге көтөрүлүп кеткен. Алар айлык акынын минималдуу чегин эске алып, газдын баасын 60 теңгеге чейин түшүрүүнү жана дайым болуп турушун талап кылышууда.
Жергиликтүү бийлик бааны жөнгө салууга кийлигише албай турганын жана наркты мурунку калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин билдирген. Митингчилердин кээ бири шаарга карай кеткен жолду тосуп алган.
Белгилей кетсек, Казакстанда айлык акынын минималдуу чени 1-январдан тарта 42 500 теңгеден 60 миң теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Бишкектеги соодагерлердин митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Митингге чыккан соодагерлер менен аткаминерлер жолукту. Сүрөт, видео
Жаңылыктар түрмөгү
0