Чүйдө турак үй өрттөнүп, 85 жаштагы карыя көз жумду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери өрт учурунда. Архив
ӨКМ кызматкери өрт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Өрт бир сааттай убакытта өчүрүлгөн. Учурда анын себеби такталып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында турак үй өрттөнүп, 85 жаштагы карыя көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык кечээ, 28-декабрда, саат 09:07де болгон.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин куткаруу бөлүмү тартылган. Кырсыктан 85 жаштагы Л.И. аттуу эркек киши каза болгон. Куткаруучулар сөөктү чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", — деп жазылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Өрт учурдагы ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн эки аял менен эки бала каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0