00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Бердвотчинг в КР: почему наблюдение за пернатыми не просто хобби, а имеет практическое значение?
08:03
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Количество или качество: чего не хватает туризму Кыргызстана
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө — быйылкы каттоо тартиби кандай?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Шанс или испытание: что даст КР Кубок Азии U-23?
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси
13:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Первобытно-общинный строй как начало социализации — беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Турак жайды камсыздандыруунун кенемтесин төлөөдө талаптар жеңилдейби?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Айпери, Акжол, Эрназар килемге чыгат — Бишкекте 4-ирет күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Почему в Кыргызстане хотят усложнить создание ТСЖ
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Турак жайды камсыздандыруунун кенемтесин төлөөдө талаптар жеңилдейби?
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эксперт: Сербияда RT DE каналына мыйзамдын чегинде лицензия берилген

© Фото / NIKITA LUENNEMANNRT DE телеканалы
RT DE телеканалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Эксперт RT DE уруксат кагазын алуу үчүн коюлган бардык шарт-талапты аткарганын белгилеген. Ал эми Германиянын "телеканал лицензияны мыйзамсыз алган" деп койгон кинесине күлгөндөн башка эч нерсе дей албай турганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Сербиянын электрондук ЖМКларды көзөмөлдөгөн кеңешинин (REM) төрайымы Оливер Зекич Sputnik агенттигине курган маегинде RT DE телеканалынын лицензиясы мыйзамдын чегинде берилгенин билдирди.
"Сербиянын электрондук ЖМКлар боюнча Көзөмөл органынын (REM) Россиянын RT DE каналына лицензия беришинде эч кандай талаштуу маселе жок. Германиянын койгон доосу жумшак айтканда таң калтырып жатат. Бул маселенин айланасында чыккан ызы-чууда саясий гана боёк болушу мүмкүн", — деди ал.
Зекич тийиштүү талаптарга жооп берген телеканалдын иш алып баруусуна берилчү лицензия эң жөнөкөй процесс экенин билдирген. Ал ошондой эле RT DE уруксат кагазын алуу үчүн бардык коюлган шарт-талапты аткарганын белгилеген. Ал эми Германиянын "телеканал лицензияны мыйзамсыз алган" деп койгон кинесине күлгөндөн башка эч нерсе дей албай турганын кошумчалады.
"Мен күлгөндөн башка эч нерсе дей албайм. Биз бир дагы мыйзамды аттап кеткен жокпуз", — деди эксперт.
Зекич ар бир процедура мыйзамдарга жана Европанын транс чек аралык Конвенциясына таянуу менен аткарылганын белгилеген.
"Немецтер каерден көйгөй таап жатканын билбейм. Себеби бардык коюлган талаптар эске алынган. Сербиядан лицензия алгандар өзүнүн контентин Сербиянын жана Европа өлкөлөрүнүн аймагында көрсөтө алат", — деди ал.
Зекичтин айтымында, "ТВ Новости", RT auf Deutsch юридикалык жак 3-декабрь күнү медиалык кызматтарды кабель, спутник жана IPTV тармактары аркылуу көрсөтүүгө уруксат сурап электрондук ЖМКлар боюнча Көзөмөл органына кайрылган. Мыйзамдарга жана мыйзамдык актыларга ылайык, бардык документтер REM Кеңешине берилген. Коюлган шарт-талаптар аткарылгандыктан юридикалык жакка уруксат берилген.
22-декабрь күнү медианы көзөмөлдөгөн германиялык MABB Eutelsat 9В деген европалык спутниктик операторун өзүнүн платформасынан RT DE каналын алып салууга мажбур кылган. Германия 23-декабрь күнү транс чек аралык телевидение жөнүндөгү Европа конвенциясын ратификациялаганы кабарланган. Бирок немец тилдүү RT DE телеканалы сербиялык лицензиясы менен Германияда көрсөтүүлөрүн берер-бербеси өлкөнүн көзөмөл органы тарабынан текшерилип жатат.
Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова RT DE каналынын спутниктен алып салынышына комментарий берип жатып, Германия Россияны жооп катары чара көрүүгө түртүп жатканын билдирген.
Ал эми Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков RT DE каналынын кызыкчылыктарын коргоого чакырган.
RT DE телеканалын студиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
RT DE телеканалы жаңылыктарды немец тилинде чыгара баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0