RT DE телеканалы жаңылыктарды немец тилинде чыгара баштады

© Фото / NIKITA LUENNEMANNRT DE телеканалын студиясы
RT DE телеканалын студиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Немец тилиндеги RT Германиянын бийлигинин басымына карабастан жарандар арасында популярдуу. Телеканал бүт Европага тарайт.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Russia Today немец тилиндеги күнү-түнү иштеген жаңылыктар каналын ишке киргизип жатат. RT DE каналынын студиясы Москва менен Берлинде жайгашкан. Эфирге жаңылыктар, ток-шоулар жана даректүү тасмалар чыгып турат.
© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүRT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян
ПМЭФ-2021. Сессии. День второй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян
"Дүйнөнүн бир дагы мамлекети биз менен Германиядай күрөшкөн жок. Анткен менен немец аудиториясы бизге абдан ыраазы. Буга RT DE ишке кире электе эле сайттардагы жана соцтармактардагы көрсөткүчтөрү далил. Биз немец тилдүү аудиториянын көңүлүн калтырбоого болгон күчүбүздү жумшайбыз", — деди RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян.
Берүүлөр Европага дагы жайылат, немец тилдүү аудиториясы чоң Германия, Австрия жана Швейцария өлкөлөрү да камтылат. Каналдын эфиринде Fasbenders Woche ("Фасбендердин жумасы") аналитикалык программасы белгилүү немец журналисти Томас Фасбендердин алып баруусунда көрсөтүлөт, Kartoffelmus ("Картошка пюреси") кулинардык-саясий шоуну Цукаина Груно менен көрүүгө болот. Мындан башка ток-шоу жана даректүү тасмалар дагы даярдалат. Буга чейин RT DE командасына белгилүү немец медиаменеджер, продюсер жана жазуучу Оливер Брендель кошулган.
© Фото / NIKITA LUENNEMANNRT DE каналынын жетекчиси Динара Токтосунова
Руководитель RT DE Динара Токтосунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
RT DE каналынын жетекчиси Динара Токтосунова
"Германиядагы RT каналына болгон кызыгуу күч алууда. Биздин контентти окуп, угуп, көрүүгө да мүмкүн болуп калганына абдан кубанычтабыз. Биздин көрүүчүгө Россия кантип жашап жатканы жана ичинен кандай экенин билүү кызыктуу", — деди RT DE каналынын жетекчиси Динара Токтосунова.
Немец тилиндеги RT 2014-жылы онлайн жана соцтармак аркылуу ишке киргизилген. Учурда RT DE немец тилдүү ЖМКлардын арасында Facebook баракчасындагы акыркы 12 айдын ичиндеги көрсөткүчтөрү боюнча биринчи орунда туруп, Bild, Spiegel, ZDF, Tagesschau каналдарынан ашып өттү (Crowdtangle функциясынын маалыматы). RT DE каналынын Facebook тиркемесиндеги "Жаңылыктар жана саясат" категориясындагы видеолордун жайылышы боюнча немец тилдүү ЖМКлардын ичинен алдыңкы бештикке кирип, Spiegel TV, Zeit Online жана Focus Online каналдарын артта калтырды (Tubular Labs маалыматы).
RT телеканалынын сайты (RT.com) Германиядагы окурмандары боюнча Deutsche Welle (DW.com) басылмасынан алдыда турат (SimilarWeb маалыматы).
Германиядагы RT DE телеканалын ишке киргизүү немец бийлиги менен ЖМКлардын чабуулдары менен коштолду. Ички иштер министрлигинин 2020-жылдагы докладында RT "Тыңчылык жана чалгындоо ишмердүүлүгү" деп сыпатталган. Ошол кезде бундестагдын жетекчиси Вольфганг Шойбле "Москва Russia Today телеканалынын жардамы менен орус тектүү немецтерди козутууну көздөп жатат" деп билдирген.
Rheinische Post: "Россиянын Германиядагы медиа кубаттуулугу өсүүдө. Чыгыш Европа боюнча адис Сюзанна Шпандын маалыматына караганда, RT DE ноябрдын башында Facebook тиркемесиндеги катталуучулары боюнча Deutsche Welle каналынан ашып өттү".
2021-жылдын август айында Люксембург RT DE каналынын иштешине расмий түрдө тыюу салган. Сентябрда болсо YouTube RT DE каналынын эки баракчасын калыбына келгис кылып өчүрүп салган. Ошентсе да RT DE немец тилдүү ЖМКлардын ичинен таасирдүүлүгү боюнча төртүнчү орунда болуп, Deutsche Welle жана башка ЖМКларды артта калтырган (Tubular Labs маалыматы).
RT — бул 100дөн ашык мамлекетте ишин алып барган тогуз телеканал, алты тилде жаңылык жазган онлайн-портал жана эл аралык RUPTLY видео агенттик болуп саналат. RT телеканалын жума сайын 47 мамлекеттен 100 миллион адам көрөт (IPSOS эл аралык компаниясынын изилдөөсү). RT жаңылыктар боюнча телеканалдардын ичинен YouTube каналынан дүйнөдө биринчилерден болуп 10 миллиард көрүүчү топтоп, BBC, CNN, Al Jazeera, Euronews жана Fox News каналдарын артта калтырган.
Канал телекөрсөтүү жаатындагы эң престиждүү Emmy сыйлыгынын финалисти болгон. RT — Монте-Карлодогу телефестивалда "Эң мыкты 24 сааттык жаңылыктар программасы" категориясында алтын уткан.
Россия сегодня медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Медиа согушу. Симоньян RT ачкан немецтик YouTube каналдарынын жабылышы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0