От күйгөн жерди кезип... Аскерий кабарчылар RT эл аралык сыйлыгына татышты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүThe Khaled Alkhateb Memorial Awards сыйлыгы. Архив
The Khaled Alkhateb Memorial Awards сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Халед аль-Хатыб атындагы эл аралык сыйлыктын быйылкы жеңүүчүлөрү болуп россиялык, америкалык жана йемендик журналисттер табылды.
Жаңжал зоналарын чагылдырган мыкты материалдары үчүн аскер кабарчыларына тапшырылчу сыйлык RT телеканалы тарабынан 2017-жылы Сирияда набыт болгон журналист Халед аль-Хатыбдын элесине арнап уюштурулган. Көзү тирүүсүндө анын RT Arabic телеканалы менен кызматташканы маалым.
Халед аль-Хатыб атындагы эл аралык сыйлык (Khaled Alkhateb International Memorial Awards): "Жаңжал аймагынан мыкты материал: видео", "Жаңжал аймагынан мыкты материал: текст", согушту баштан кечирген адамдардын жана бүтүндөй бир элдин тагдыры туурасында, алардын жай турмушка кайтуусун баяндаган "Согуштан соң: мыкты репортаж же даректүү тасма" деген үч категория боюнча ыйгарылат.

2021-жылы ушул багытта топ жарган медиа өкүлдөрү төмөнкүлөр:

"Жаңжал аймагынан мыкты материал: видео"
Александр Лукьянов (Россия), "Шагырап турган жымжырттык", "Россия 24" телеканалы. Донбасстагы чектешкен чийинден атайын репортаж. Донбасс Эл Республикасынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул аймакта украиналык аскерлер ок атууну токтотуу режимин көп бузушат. Автор атышуудан талкаланган үйлөрдү кайра тургузуп жаткан жергиликтүү тургундардын муң-кайгысын да тыңдаган.
"Жаңжал аймагынан мыкты материал: текст"
Ануж Чопра (АКШ), "Марибдеги кармаштар жана кан төгүлгөн тирештер (Йемен)", AFP агенттиги. Репортажда Йемендин табигый байлыктарга жык району – Марибдеги кырдаалды, козголоңчу хуситтер жана өлкөнүн Сауд Аравиясы колдогон куралдуу күчтөрү жүргүзгөн күрөш сүрөттөлөт.
Аталган аймактагы айыгышкан салгылашта саналуу айдын ичинде эле жүздөгөн киши курман болду. Эске салсак, Йеменде 2014-жылдан бери жарандык согуштун оту өчпөй келет.
"Согуштан соң: мыкты репортаж же даректүү тасма"
Рания Абдулла (Йемен), "Үзүлгөн өмүр", YEMEN-TV телеканалы.
Кыска метраждуу даректүү тасма согуштук аракеттердин айынан өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон 38 үй-бүлөнүн турмушу тууралуу баяндайт. Медициналык жардамдын жоктугу жана дары-дармектин жетишсиздигинен эң оболу аялдар азап чегишет. Журналисттер жергиликтүү бийликке кайрылып, алар да тасманын каармандарына кол сунууга убада кылган.
Неха Вадекар (АКШ), "Кабу-Делгадудагы кармаш: Мозамбиктин табигый ресурстары үчүн тымызын согуш, The Telegraph гезити.
Иликтөө макаласында Мозамбиктин түндүк-чыгышында жайгашкан Кабу-Делгаду провинциясынын жаштарынын радикалдашуу көйгөйү чагылдырылган.
Өлкө бийлиги элдин жаратылыш ресурстарынан пайдалануусун чектеп жатат деп эсептеген жаштар террорчул топторго кошулуп кетишүүдө. Согушкерлердин калаа жана айыл-кыштактарга кол салышынан көбүнесе жай жарандар жабыркайт.
Халед аль-Хатыб атындагы эл аралык сыйлыктын ар бир жеңүүчүсү 200 миң рубль өлчөмүндөгү акчалай байгеге ээ болушат. Калыстар тобунун курамы да салмактуу: быйылкы жеңүүчүлөрдү үч ТЭФИ телевизиондук сыйлыгынын ээси, Сирия жана Украинаны чагылдырууда артыкчылык көрсөткөн аскерий кабарчы Евгений Поддубный, журналист жана "Комсомольская правда" басылмасынын аскерий кабарчысы, бул багытта бир катар сыйлык жана мамлекеттик наамдардын ээси Александр Коц, акыркы жылдардагы куралдуу ири жаңжалдарды жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы элдик толкундоолорду чагылдырган RT аскерий кабарчысы Мария Финошина аныктаган.
Булардан тышкары, сыйлыкка татуу үчүн ат салышкандардын материалдарын журналист, жазуучу, АКШ жана Латын Америка өлкөлөрүнүн тышкы саясаты боюнча эксперт Ева Голинжер, араб өлкөлөрү жаатындагы серепчи, Youm 7 египеттик гезитинин кабарчысы Ахмед Гомаа жана грециялык журналист, эл аралык сыйлыктардын лауреаты Константинос Антонопулос да талдап, баалаган.
Сыйлык жаңыдан уюшулган жылы Ирак, Ирландия жана Сингапурдан катышкан журналисттер жеңген. 2019-жылы Россия, АКШ, Италия жана Индиянын медиа өкүлдөрү лауреат болушкан. Алар негизинен Сирия, Ирак жана Ливиядагы жаңжалдар туурасында чагылдырышкан. 2020-жылкы сыйлыкка россиялык, сириялык жана индиялык аскерий кабарчылар татыган.
RT телеканалы Khaled Alkhateb International Memorial Awards сыйлыгын RT Arabic менен кызматташкан 25 жашар журналист Халед аль-Хатыбдын жаркын элесине арнап уюштурган. Ал 2017-жылы Сириядагы Хомс провинциясында согушкерлер тарабынан ракеталык сокку уруунун натыйжасында набыт болгон.
Өз репортаждарында Халед Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн террорчулар менен кармаштарын чагылдырган.
2018-жылы Россия президенти Владимир Путин маркум журналистке "Эрдиги үчүн" наамын ыйгарып, анын ысымын алган сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде үй-бүлөсүнө тапшырылган.
Страсбургдагы А. Стенин атындагы сынактын көргөзмөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Фотограф Андрей Стенин атындагы сынакка эмгектер кабыл алына баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0