БШК бир мандаттуу округдан шайланган 33 талапкерге мандат берүүнү чечти. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Азырынча бир мандаттуу округдардан үч депутат шайлана элек.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан шайлангандарды Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.
Ага ылайык, кызматтык күбөлүк жана төш белги ыйгарылат. Ошол эле учурда Чүй-Кемин шайлоо округунун жеңүүчүсүн каттаган жок. Себеби Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу аныкталып, учурда сот иштери жүрүп жатат. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында кайра шайлоо өтөт.

Бишкек шаары

№ 26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;
№ 28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;

Баткен облусу

№ 1 Лейлек шайлоо округу — Чыңгыз Ажибаев;
№ 2 Баткен шайлоо округу — Нурлан Ражабалиев;
№ 3 Кадамжай шайлоо округу — Ырысбек Атажанов;

Ош шаары, Ош облусу

№4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров;
№5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Коргонбай уулу;
№6 Араван шайлоо округу — Жалолидин Нурбаев;
№7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов;
№8 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков;
№9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов;
№10 Куршаб шайлоо округу — Данияр Төлөнов;
№11 Алай шайлоо округу — Улан Примов;
№12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев;

Жалал-Абад облусу

№ 13 Сузак шайлоо округу — Тазабек Икрамов;
№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шаирбек Ташиев;
№ 15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;
№ 16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;
№ 17 Аксы шайлоо округу — Нурлан Шакиев;
№ 18 Ала-Бука шайлоо округу — Азизбек Турсунбаев;
№ 19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов.

Талас облусу

№ 20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков;
№ 21 Талас шайлоо округу — Бактыбек Чойбеков.

Чүй облусу

№22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
№23 Москва шайлоо округу — Карим Ханджеза;
№24 Сокулук шайлоо округу — Аманкан Кенжебаев;
№25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев;
№30 Ысык-Ата шайлоо округу — Акбөкөн Таштанбеков.

Нарын облусу

№ 32 Кочкор шайлоо округу — Мирлан Самыйкожо;
№ 33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов.

Ысык-Көл облусу

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу — Арсланбек Малиев;
№35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев;
№ 36 Ысык-Көл шайлоо округу — Максатбек Сарыбагышев.
Бишкектеги шайлоо участогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында кайра шайлоо күнү белгиленди
Мамлекет башчы Садыр Жапаров шайлоо участкасында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Президент шайлоонун шарты мындан да өзгөрүп, күчөтүлөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0