Карарган дубалдар, түтүн аралаган өрт өчүрүүчүлөр. Күйгөн кампадан 9 сүрөт

Жазылуу
Бүгүн таң эрте Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыкты. Sputnik Кыргызстан редакциясы жалын өчүрүлүп жаткан учурдун сүрөттөрүн жарыялайт.
Бишкектеги ири өрт менен саат 07:46дан тарта беш бригада күрөшүп, саат 9:01де чектөөгө алды. Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерде жабыркагандар жок.
Анткен менен бул жолкусу аталган кампадан чыккан алгачкы өрт эмес экени маалым болду. ӨКМдин өрттү алдын алуу жана өчүрүү бөлүмүнүн начальниги Урмат Сариев билдиргендей, кампа 2020-жылдын 12-февралында да өрттөнүп, жерине ӨКМдин өрт өчүрүүчү 10 бөлүмү тартылган. Жалынды толугу менен 13-февраль күнү түшкө маал гана өчүрүшкөн.
Мэриянын маалымат кызматы тилсиз жоо катталган жерге мэр Айбек Жунушалиевдин барганын билдирип, ал шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын маалымдады.
Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлүп, учурда жалпы аянты, материалдык көлөмдүн зыяны жана келип чыгуу себеби такталып жатат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

21-декабрда эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде жайгашкан кампа өрттөндү

21-декабрда эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде жайгашкан кампа өрттөндү - Sputnik Кыргызстан
1/9

21-декабрда эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде жайгашкан кампа өрттөндү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

Жерине алгач үч, кийин дагы эки өрт өчүрүүчү бригада тартылып, жалпысынан беш бөлүм иштеди

Жерине алгач үч, кийин дагы эки өрт өчүрүүчү бригада тартылып, жалпысынан беш бөлүм иштеди - Sputnik Кыргызстан
2/9

Жерине алгач үч, кийин дагы эки өрт өчүрүүчү бригада тартылып, жалпысынан беш бөлүм иштеди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

Бактыга жараша, жабыр тарткандар жана каза болгондор катталган жок

Бактыга жараша, жабыр тарткандар жана каза болгондор катталган жок - Sputnik Кыргызстан
3/9

Бактыга жараша, жабыр тарткандар жана каза болгондор катталган жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

ӨКМдин бөлүм башчысы Урмат Сариевдин айтымында, бул кампадан экинчи ирет өрт чыгууда

ӨКМдин бөлүм башчысы Урмат Сариевдин айтымында, бул кампадан экинчи ирет өрт чыгууда - Sputnik Кыргызстан
4/9

ӨКМдин бөлүм башчысы Урмат Сариевдин айтымында, бул кампадан экинчи ирет өрт чыгууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

2020-жылы чыккан өрт эртеси күнү гана толугу менен өчүрүлгөн

2020-жылы чыккан өрт эртеси күнү гана толугу менен өчүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
5/9

2020-жылы чыккан өрт эртеси күнү гана толугу менен өчүрүлгөн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

Материалдык зыян жана келип чыгуу себеби такталып жатат

Материалдык зыян жана келип чыгуу себеби такталып жатат - Sputnik Кыргызстан
6/9

Материалдык зыян жана келип чыгуу себеби такталып жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

Мэрия калаа жетекчиси Айбек Жунушалиевдин шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын айтты

Мэрия калаа жетекчиси Айбек Жунушалиевдин шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын айтты - Sputnik Кыргызстан
7/9

Мэрия калаа жетекчиси Айбек Жунушалиевдин шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

Жеринде иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр

Жеринде иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр - Sputnik Кыргызстан
8/9

Жеринде иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =

Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлдү

Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
9/9

Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлдү

Жаңылыктар түрмөгү
0