00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кибергигиена: как защитить себя от интернет-мошенников и уберечь детей от опасной информации?
08:04
35 мин
Максимальный репост
On air
08:40
20 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жоготуп алуу алдында турабыз. Кантип алдын алуу керек?
09:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Социальные работники: незаметные герои или недооцененные помощники?
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек таксисттерге карата талаптарды күчөтүүнү көздөөдө — эмне өзгөрөт?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми ЕАЭБ жарандары КРда 90 күн визасыз жүрө алат — каттоо тартибине кирген өзгөрүүлөр
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Фермерлер эт өндүрүүнү кантип көбөйтүү керек — эксперттер менен маек
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Тема дня
В Кыргызстане вступил в силу закон об утильсборе: что это такое и как он будет работать
16:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Экономиканын теориясы. Эмнеси менен маанилүү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что объединяет системы образования России и Кыргызстана, рассказала депутат Государственной думы РФ
18:07
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Балдар музыкасы мамлекеттик колоого муктаж. Композитор менен маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
20:06
47 мин
Ачык кеп
Фермерлер эт өндүрүүнү кантип көбөйтүү керек — эксперттер менен маек
23:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алдын алуу иштеринин начардыгынан балдар зомбулукка көп кабылып жатканы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Кыргызстанда балдарды өлтүрүп салуу, майып кылуу улам арбын кездешип жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Балдарга жасалган зордук-зомбулуктун арбышы анын себептерин жоюу боюнча алдын алуу иштеринин начар жүрүп жатканын көрсөтүүдө. Бул туурасында балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова өткөргөн жыйында айтылган.
Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, чогулушта балдарга карата зордук-зомбулуктун түрлөрүнүн өсүп жатканы, алардын сексуалдык ыдыкка учуроосу, өз жанын кыюусу, кордоого кабылуусу сыяктуу көңүл ооруткан көрүнүштөрдүн себептери, кесепети жана аларды жоюу жолдору талкууланган.
"Балдарга жасалган зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүп жатканы зомбулуктун себептерин жоюу боюнча алдын алуу иштеринин начар жүрүп жатканын көрсөтүүдө. Мындай көрүнүштүн курмандыгы болгон бөбөктөрдүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турмуштук оор кырдаалда жашаганына карабастан тиешелүү кызматтар аларды өз учурунда аныктабай жана социалдык жактан колдоо иш-чараларын жүргүзгөн эмес", — деп айтылган жыйында.
Кыргызстанда балдарды өлтүрүп салуу, майып кылуу улам арбын кездешип жатканы белгиленген.
Маалыматта ар бир ведомстводогу аталган багытта иш алып барган адистер өздөрүнчө эмес, башка түзүмдөр менен да биргеликте өз ара иштешүү керектиги айтылган. Муну жергиликтүү деңгээлде күчөтүү зарылдыгы белгиленген.
Бүгүнкү күндө зордук-зомбулукту аныктоонун эң натыйжалуу ыкмаларын табуу, келечекте балдардын укугунун кичине да бузулуусуна жол бербөө үчүн республика боюнча адистерди даярдоо зарылдыгы турганы маалым болду. Мындан сырткары, кичинекейлерди коргоонун жекече программасын жана үй-бүлө менен жекече иштөө планын түзүү, ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир баланы көзөмөлгө алуу, коргоо туурасында сөз болгон. Жер-жерлерде оор турмуштук кырдаалда турган бөбөктөргө, үй-бүлөлөргө социалдык жактан көмөктөшкөн көп функциялуу профилактикалык кызматтарды түзүү керектиги айтылган. Ал — жоопкерчиликтүү ата-энелер мектеби, социалдык жардам жана колдоо көрсөтүү, турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр үчүн түзүлгөн күндүзгү борборлор дешти.
Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында министрлер кабинетинин 2022-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу үчүн Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо планынын долбоорун (2-этабын) иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылган.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жер төлөдө кармаган. 9 жаштагы Сумаяны өлтүрдү деген киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0