https://sputnik.kg/20211224/ulyanovsk-kyrgyz-zharany-adam-olturuu-politsiya-tamaktanuu-1060697342.html
Ульяновскиде 20 жаштагы кыргызстандык жигит киши колдуу болду
Ульяновскиде 20 жаштагы кыргызстандык жигит киши колдуу болду
Sputnik Кыргызстан
Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жараны таанышы менен тамактануу жайында иштечү. Ал күндүз мекеменин ашканасында өлтүрүлгөн. 24.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-24T13:09+0600
2021-12-24T13:09+0600
2021-12-24T13:10+0600
россия
кыргызстан
окуялар
иим
адам өлтүрүү
тергөө комитети
жаран
тергөө
шектүү
ульяновск
https://sputnik.kg/img/103138/56/1031385609_0:317:3077:2048_1920x0_80_0_0_686538bf577f335483c3b8cc90e61ff7.jpg
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ульяновск шаарындагы кафелердин биринде 20 жаштагы кыргызстандык киши колдуу болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ульяновск облусу боюнча Тергөө комитетинин сайты жазды.Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун 21 жаштагы таанышы шектелүүдө. Кыргызстандык бычакталып каза болгон.ИИМдин аймактык башкармалыгынын сайтына окуянын чоо жайы жарыяланды.Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрда Радищев көчөсүндө жайгашкан кафеге түшкү тамактанууга келишкен. Ал жерде полиция кыйкырыктарды угуп, жерине барганда ашканада эки эркек бар экени аныкталган. Бири бычакталып жерде жаткан. Экинчисин тартип коргоочулар кармап кетишкен.Жүрөк тушуна бычак сайылган кыргызстандык ошол жерде көз жумган. Чырдашкандар экөө тең кафеде иштегени, ошол күнү алар өз ара урушканы маалым болду.Шектүү камакка алынып, тергөө улантылып жатат.
https://sputnik.kg/20211214/bishkek-teplovoz-pakistan-student-1054966788.html
ульяновск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103138/56/1031385609_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_9373d7eb55994ec5efd55d27eea8bfad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, окуялар, иим, адам өлтүрүү, тергөө комитети, жаран, тергөө, шектүү, ульяновск
россия, кыргызстан, окуялар, иим, адам өлтүрүү, тергөө комитети, жаран, тергөө, шектүү, ульяновск
Ульяновскиде 20 жаштагы кыргызстандык жигит киши колдуу болду
13:09 24.12.2021 (Жаңыртылды: 13:10 24.12.2021) Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жараны таанышы менен тамактануу жайында иштечү. Ал күндүз мекеменин ашканасында өлтүрүлгөн.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ульяновск шаарындагы кафелердин биринде 20 жаштагы кыргызстандык киши колдуу болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ульяновск облусу боюнча Тергөө комитетинин
сайты жазды.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун 21 жаштагы таанышы шектелүүдө. Кыргызстандык бычакталып каза болгон.
ИИМдин аймактык башкармалыгынын сайтына окуянын чоо жайы
жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрда Радищев көчөсүндө жайгашкан кафеге түшкү тамактанууга келишкен. Ал жерде полиция кыйкырыктарды угуп, жерине барганда ашканада эки эркек бар экени аныкталган. Бири бычакталып жерде жаткан. Экинчисин тартип коргоочулар кармап кетишкен.
Жүрөк тушуна бычак сайылган кыргызстандык ошол жерде көз жумган. Чырдашкандар экөө тең кафеде иштегени, ошол күнү алар өз ара урушканы маалым болду.
Шектүү камакка алынып, тергөө улантылып жатат.
14 Бештин айы 2021, 12:12