Күн сууктап, кар катуу жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Максим БлиновКиши кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив
Киши кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Мындай катаал аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги шашылыш билдирүү таратып, жекшембиден тарта күн сууктап, кар жаай турганын эскертти.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы болжолдонду.
Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт.
Погода в Бишкеке почти за сто лет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Бишкектеги орточо температура 1925-жылдан бери кандай өзгөрдү. Инфографика
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Муну менен катар абанын температурасы төмөндөй турганы айтылды.
27-28-декабрь күндөрү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз -2…+3, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6 градус суук болот.
28-29-декабрда Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -6…-11, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Мындай катаал аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттардагы малды кармоону кыйындатат.
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0