Кышында автоунааны жылытууда айдоочу кетирчү үч ката. Кеңештер

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүУнаада отурган адам. Архив
Унаада отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Жазылуу
Кышында автоунаанын ичин эртерээк жылытканга ар бир эле айдоочу аракет кылат, бирок кээ бирлери туура эмес жасагандыктан тескери болуп калат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Айдоочулар автоунааны жылытууда бир нече ката кетирип алган учурлар болот. "За рулем" порталы ал жаңылыштыктарды санап берди.

Биринчи ката: жүрбөй турган техниканы көпкө жылытуу

Мунун такыр эле кереги жок! Эгерде эшик бир топ эле суук болсо, кээ бир кыймылдаткычтар кадимки температурасына чейин жылыбай калышы мүмкүн. Кеп анча чоң эмес көлөмдөгү (1,4 литрге чейинки) бензин жана дизель моторлору туурасында жүрүп жатат. Кыймылдаткыч муздак болсо, салонду ысыта турган жылуу аба эч жактан келбей турганын түшүнүш керек.
Эгерде күч келсе, тагыраагы, жүрүп баратса, кандай гана мотор болбосун тез жылыйт, бирок ага күч келтирүүнүн чегин билиш керек. Сууктан улам коюуланып кеткен май кыймылдаткычтын тетиктерин майнаптуу коргоого жөндөмдүү эмес. Токтоп турганда темир тулпарды азыраак мөөнөткө жылыткан оң, андан кийин көп күч келтирбей, бир калыпта бир нече мүнөт айдаш керек. Эгерде ал автомат болсо, D абалына коюп, тормоздун педалын басып, айдабай бир канча убакытка кармап туруш керек. Бул моторго бир аз күч берип, анын жылышын тездетет.

2-ката: желдеткичти катуу иштетүү

Кээде салонду болушунча катуу үйлөтүп коюп коёбуз, мындан улам кыймылдаткыч көбүрөөк убакытта жылыганы менен бардык энергияны салонго бере албайт. Андан көрө үйлөтүүнү убактылуу өчүрө туруш керек же шамалдын баарын маңдайкы айнекке багытташ керек.

3-ката: абаны рециркуляция кылган режимди колдонбоо

Желдеткич менен кошо рециркуляция жасаган режимди да иштетиш керек, бул "мештин" ишин жеңилдетет. Анда ашыкча, сырттагы муздак абаны жылытып, энергия коробойт. Мындай учурда салондогу аба айланып, тез жылыйт.
Жолго чыгар алдында рециркуляция режимин өчүрүп коюш керек, болбосо айдоочу менен жүргүнчү дем алганда салондогу абадагы нымдуулук көбөйүп, айнектер бууланып кетиши мүмкүн.
Автоунааны жууп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Жакшылап кургат! Кышкысын автоунааны кантип туура жууш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0