Ленинге жолугуп, Сталинге кат жазган көк жал Жусуп Абдрахманов. Жапаровдун сөзү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгында
Президент Садыр Жапаров Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Жапаров Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, ал жакка мамлекеттик ишмердин айкелин орнотуу пландалып жатканын кошумчалаган.
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, мамлекеттик ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Садыр Жапаров Жусуп Абдрахманов өмүрүн кыргыз улутун калыптандырууга арнаганын белгиледи.
"Жараткан Жусуп Абдрахмановдун маңдайына ушундай улуу вазыйпа менен кошо оор тагдырды дагы жазыптыр. Бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууну эңсеген, тээ алысты мелжеген Жусуп атабыз тагдырдын татаал сыноосуна моюн сунуп калбай, баштаган жолунан тайбай, акыры өлүмгө да тике караган экен. Анын совет бийлигинин жол башчысы Ленин менен жолугушуп сүйлөшкөнү, батынып сүйлөмөк тургай даап датын айта албаган кадимки Сталиндин өзүнө эки жолу кат жазып, борбордук бийликтин туура эмес саясатын ачык айтканы Жусуп Абдрахмановдун көк жалдыгы эмей эмне! Канткен менен элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү. Ал киши 1930-жылдардын башында эле Кыргызстанды автономиялуу республикадан союздук республикага айлантуу идеясын көтөрүп, ошол мүдөөсүнүн жүзөгө ашуусуна түздөн-түз салым кошту. Биз, бүгүнкү муундун өкүлдөрү, Жусуп ата баштаган ошол замандагы аракеттердин, ошол доордогу курч күрөштүн жемишин көрүп жатабыз!" — деген Жапаров.
Президент ушул жылдын 31-августунда Жусуп Абдрахмановго Кыргызстандын баатыры деген мамлекеттик эң жогорку наам ыйгарылганын айтып, Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, ал жакка мамлекеттик ишмердин айкелин орнотуу пландалып жатканын кошумчалаган.
"Кечээ жакында эле Абдрахмановдун урпактары менен чогуу Жусуп атабыздын күндөлүгүнүн түп нускасын Улуттук тарых музейине тапшырып бердим. Жусуп атабыздын күндөлүгү музейдин эң баалуу экспонатына айланды. Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы басылып чыккандыгын сүйүнчүлөп айтып коёюн. Мен Кыргызстандын, кыргыз элинин атуулумун деген эр-азаматтар кыргыздын кылымда бир жаралган чыгаан уулунун жазгандарын аздектеп окуп, арбагына таазим этип жүрөрүнө ишенем. Жусуп Абдрахманов сындуу мамлекетти түптөгөн уулдары бар кыргыз эли бактылуу эл экенбиз", — деген Жапаров.
Ал 2022-жылы Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев сыяктуу кыргыз кыраандарынын Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгилене турганын да айтып өткөн. Ал элди Абдрахманов жана анын санаалаштары калтырып кеткен мурасты сактоого чакырып кетти.
Визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Исторический музей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Садыр Жапаров Тарых музейине Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн белекке берди
Жаңылыктар түрмөгү
0