Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматбеков: сөөктү ар өлкөдөн алып келүүгө ар кандай каражат бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков 12 элчилик менен мигранттар туш болуучу көйгөйлөр талкууланганын айтты.
Жумуш издөөчүлөр атайын уруксат кагаздары бар жумушка орноштуруучу агенттиктердин кызматын колдонуусу абзел. Алсак, учурда Россияга 30, Түркияга 52, Болгарияга 13, БАЭ менен Катарга 7, Польшага 11 жеке агенттик жумушка орноштурат. Демек, жумуш издеген адамда тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир адам жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер тууралуу кененирээк маалыматты Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборуна келип сурап же migrant.kg сайтынан карап алса болот. Бул тууралуу Кубандык Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Акматбеков: сөөктү ар өлкөдөн алып келүүгө ар кандай каражат бөлүнөт
Анын айтымында, мурда репатриация боюнча ишти Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору аткарса, мындан ары Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин Тышкы миграция департаменти алып барат.
"Ишенимдүү жолдор аркылуу чет өлкөгө жумушка орноштуруу аракеттерине карабай чет мамлекетке иштегени барып кооптуу абалга түшүп калган жарандарыбыз бар. Мындай учурда элчиликтер чара көрүшөт. Бул жаатта үстүбүздөгү жылдын ноябрь-декабрь айларында 12 элчиликтин кызматкерлери, диаспоралардын өкүлдөрү, активдүү жарандар менен онлайн-жолугушуу өткөрдүк. Элчиликтин кызматкерлери жумушка алып жаткан мамлекеттердин мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, жарандар туш болуучу көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эмгек мигранттарынын жумушу учурунда кездешүүчү оор кырдаалдардын алдын алуу боюнча бир катар сунуштар айтылды. Андан тышкары, мурда чет мамлекетке иштегени, окуганы, эс алганы же дарыланганы барган Кыргызстандын жараны каза болуп калса, сөөк кайсы мамлекетте болбосун 50 миң сом бөлүнүп, алып келинчү. Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын февраль айындагы "Чет өлкөдө каза болгон КРдин жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү тартиби жөнүндө" жарлыгына ылайык, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан сөөктү алып келүүнүн чыгымы эсептелип чыгып, ар кандай каражат бөлүнмөй болду. Мисалы, Россиянын Москва, Сибирь, Урал федералдык округунан сөөктү алып келүүгө 70 миң рубль, Санкт-Петербург, Кавказдан 80 миң жана Россиянын Ыраакы Чыгышынан 120 миң рублге алып келинет", — деди Акматбеков.
Ал мурда жылына ар кайсы мамлекеттен 300дөй сөөк алып келинсе, быйыл 11 айдын жыйынтыгында 500дөн ашык сөөк репатриацияланганын (маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн улам) кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0