Тамеки адам өмүрүн канчага кыскартып, кандай ооруга кептей турганы айтылды
© Sputnik / Руслан Кривобок
/ Жазылуу
Тамеки тартууда адамдын организмине рак илдетин чакырган кеминде 70 уулуу зат жана канцерогендер кирет.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тамеки дененин дээрлик бардык органдарына зыян келтирерин эскертти.
Тамекиге байланып калган адамдардын өмүрү орто эсеп менен 10 жылга кыскарары белгиленди. Мындан башка да зыяндуу таасирлери тууралуу тизмектелген.
Алар төмөнкүлөр:
Тамеки тартууда организмге дем менен бирге уулуу заттар жана канцерогендер кирет. Анда рак илдетин чакырган кеминде 70 химиялык зат болот;
Кант диабетине чалдыгуу тобокелдиги жогору болот;
Акыл-эс жөндөмү төмөндөп, мээнин иштешинин начарлашына мүнөздүү болгон деменция илдети пайда болот;
Альцгеймер илдети деменциянын эң кеңири тараган түрү болуп саналат. Дүйнө жүзүндө Альцгеймерге чалдыккандардын болжол менен 14 пайызы тамеки чегүүгө байланышкан болушу мүмкүн;
Көпчүлүк аялдардын айызы оорутуу менен коштолот жана менопаузанын белгилери көбүрөөк таасирдүү болот;
Аялдар менопаузага 1-4 жыл эрте кабылышат, анткени тамеки чегүү энелик бездеги жумурткалардын пайда болушуна терс таасирин тийгизет. Бул репродуктивдик функциянын жоголушуна жана эстрогендин деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет;
Тамекинин түтүнү организмдин ткандарын кычкылтек менен камсыздоону начарлатат;
Тамеки кан агымын чектейт, муну дарылабаса гангрена (дене ткандарынын өлүшү) болуп, жабыркаган жерлерди кесип салуу зарылдыгы жаралат;
Тиштин бүйлөлөрүн жабыркаткан өнөкөт сезгенүү илдетине чалдыгуу тобокелдигин жогорулатат жана сөөк ткандарын бузуп, тиш түшөт;
Ичеги-карын оорулары, ашказан жарасы, ичегинин сезгенүүсү сыяктуу ичтин түйүлүшү, басылбаган диарея, ысытма жана түз ичегиден кан агуу менен коштолгон илдеттер, ошондой эле ичеги-карын рагы пайда болуу ыктымалдыгы жогору болот;
Иммундук тутумду начарлатат, тамеки тарткан адамдардын өпкө инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдиги жогору;
Тамеки чеккен адамдардын операциядан кийинки абалы оорлошуп кетүү тобокелдиги чекпегендерге караганда кыйла жогору болот;
Өпкөнү жасалма желдетүүдөн (ИВЛ) ажыратуу процесси татаалыраак болот. Бул көп учурларда реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө (ИТБ) жана жалпы эле ооруканада узагыраак убакыт жатуу зарылдыгына шарт түзөт. Башка инфекцияларды жуктуруп алуу тобокелдигине дуушар кылат.