Бишкекте Жаңы жылга карата кооздолгон башкы балатынын оту жанды. Видео

Жазылуу
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына балатыны жана ата мекендик жылдыздардын концертин көрүүгө жүздөгөн адам чогулду.
Бишкек шаарындагы Жаңы жылга карата орнотулган башкы балатынын оту жанды. Иш-чарага жүздөгөн шаардыктар келип күбө болушту.
Калаа мэриясы башкы балаты менен "Ала-Тоо" аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптады.
Балатынын бийиктиги 25 метр, ага 1 400 оюнчук тагылды.
Мэрия "Бишкек — 2022" жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыкканын айткан.
Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Укмуш кооз! Ошто жаңы жылдык балатынын оту жандырылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0