00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тажрыйба алуу, инвестор тартуу. Жапаров БАЭнин министрлери менен жолугушту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине жумушчу сапарынын жүрүшүндө расмий бийлик өкүлдөрү менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине жумушчу сапарынын жүрүшүндө расмий бийлик өкүлдөрү менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы эмираттык ишкерлерди кызматташууга чакырып, аларга бардык шарттарды түзүп берүүнү убадалаган.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине жумушчу сапарынын жүрүшүндө расмий бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал БАЭнин вице-премьери, Дубай башкаруучусунун орун басары, финансы министри, шейх Мактум бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум менен инвестициялык, туризм, айыл чарба тармактарындагы кызматташтык маселелерди талкуулаган.
"Биз эмираттык ишкерлерди жана инвесторлорду инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууда кызматташууга чакырабыз жана алардын ишмердүүлүгү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда институционалдык өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлган.
Андан соң Жапаров БАЭнин министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министр Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави менен жолугушкан.
Өкмөт башчы туризм тармагындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп салып, акыркы 9 айда 4 миңге жакын БАЭ жараны Кыргызстанга келип кеткенин айткан. Мындан тышкары, бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу уланып жатканын белгилеген.
"Экономика жана инвестиция тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында өкмөттөр аралык жумушчу топ түзүлгөн. Министрлер кабинети анын алкагында келип чыккан маселелерди чечүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтөт. Жумушчу топтун аракеттери кыргыз-эмират кызматташтыгын илгерилетүүгө салым кошот деп ишенем. Ошондой эле биз мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү өкмөттүк акселератордук программалар маселесинде БАЭ тажрыйбасын пайдаланууга кызыкдарбыз", — деди Жапаров.
Өз кезегинде аравиялык кесиптеши түзүлгөн жумушчу топ соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0