Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовТуман түшкөн аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Туман түшкөн аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
15-декабрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Калган аймактарда жаан, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарында +2...+7, Ысык-Көл чөлкөмүндө -3...+2, Нарын аймагында -5...-10 градус болору айтылды.
Кар жааганда көчөдө аял баласы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Суук түшөбү? Алдыдагы аптага карата аба ырайы
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +2...+4 жана Ош калаасында +3...+5 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0