https://sputnik.kg/20211213/zhany-salyk-kodeksinin-taktalbagan-zherleri-abdan-kop-1054954491.html
Мирлан кызы: жаңы Салык кодексинин такталбаган жерлери абдан көп
Мирлан кызы: жаңы Салык кодексинин такталбаган жерлери абдан көп
Sputnik Кыргызстан
"УчетПрофЛайн" аудитордук жана бухгалтердик компаниясынын башкы директору Наргиза Мирлан кызы жаңы Салык кодексинде толук иштелип бүтпөгөн, такталбаган жерлери... 13.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-13T11:11+0600
2021-12-13T11:11+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
аудит
салык кодекси
мыйзам
конституция
ишкерлик
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0d/1054954523_0:52:3072:1780_1920x0_80_0_0_b2655d90f28e02ba9c1aca33055081ae.jpg
Мирлан кызы: жаңы Салык кодексинин такталбаган жерлери абдан көп
Sputnik Кыргызстан
Мирлан кызы: жаңы Салык кодексинин такталбаган жерлери абдан көп
Жаңы редакциядагы Салык кодексинде ишкерге акча түшкөндө гана салык төлөнөт. Мындай маалыматты Наргиза Мирлан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Салык кодексинде ишкердин 100 миң сомдук карызы болсо, чет өлкөгө чыга албай тургандыгы камтылган.Ошондой эле адис 8 миллион сомго чейинки ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу бизнес чөйрөсүнө оң таасир берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0d/1054954523_227:0:2958:2048_1920x0_80_0_0_a75f326bc654b3f01f4d944a70c0ea17.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, аудит, салык кодекси, мыйзам, конституция, ишкерлик
коом, кыргызстан, аудит, салык кодекси, мыйзам, конституция, ишкерлик
Мирлан кызы: жаңы Салык кодексинин такталбаган жерлери абдан көп
11:11 13.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "УчетПрофЛайн" аудитордук жана бухгалтердик компаниясынын башкы директору Наргиза Мирлан кызы жаңы Салык кодексинде толук иштелип бүтпөгөн, такталбаган жерлери абдан көп экендигин айтты.
Жаңы редакциядагы Салык кодексинде ишкерге акча түшкөндө гана салык төлөнөт. Мындай маалыматты Наргиза Мирлан кызы
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Салык кодексинде ишкердин 100 миң сомдук карызы болсо, чет өлкөгө чыга албай тургандыгы камтылган.
"Жаңы редакциядагы Салык кодексинде такталбаган, иштелип бүтпөй калган жерлери абдан көп. Мисалы, буга чейин электрондук эсеп-фактуралары киргизилгенде жеке ишкерлер арасында көп кыйынчылыктар болду. Отчёт берүү, иштетүү боюнча маселелер жаралып, тоскоолдуктар кездешти. Ошол себептен ишти аткарардан мурун аны кылдат карап чыгып, туура маалымат жеткирилсе өздөштүрүүгө жеңил болот. Албетте, ишкерлер үчүн жакшы шарттар да каралган. Алсак, ишкер товар сатса да, сатпаса да кызмат көрсөткөнү үчүн салык төлөп келген. Мында салыктар акча түшкөндө гана төлөнөт. Салык кодексинде ишкердин 100 миң сомдук карызы болсо, чет өлкөгө чыга албай тургандыгы жазылган. Буга көп сын-пикирлер айтылып, адам укуктары бузулуп жатат деп белгилеп жатышат. Менин жеке пикиримде, көп өлкөлөрдө бул практика колдонулгандыгы үчүн туура чечим. Бирок себебине байланыштуу чыгуу уруксаты берилсе жакшы болмок", — деди Мирлан кызы.
Ошондой эле адис 8 миллион сомго чейинки ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу бизнес чөйрөсүнө оң таасир берерин кошумчалады.