https://sputnik.kg/20211211/ulaktyn-enesin-elendep-izdegen-videosu-1054939484.html
Улактын энесин элеңдеп издеген видеосу
Улактын энесин элеңдеп издеген видеосу
Sputnik Кыргызстан
Түндүк Америкада жашаган ак түстүү эчкилердин жашоосун PBS телеканалынын операторлору кызыктуу кылып тартып, көрүүчүлөргө сунуштаган. Анда өзгөчө апакай... 11.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-11T16:30+0600
2021-12-11T16:30+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
видео
мультимедиа
акш
эчки
улак
издөө
оператор
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0b/1054939451_0:-1:1275:720_1920x0_80_0_0_3323426d405d376f4320a9a5b0cfb87b.jpg
Илимде бул эчкилерди Oreamnos americanus деп аташары "National Geographic Россия" сайты жазды.Алар тоолуу аймакты байырлайт. Калың жүнү сууктан сактап келсе, күн жылыганда түлөп, түшө баштайт. Мындай учурда көп улактар энесин алыстан көрүп тааныбай калат.Кадрдан үйүрү менен жайылып жүргөн балалуу эчкилерди, жагымдуу табиятты көрүүгө болот. Ал эми улактар таштан-ташка секирип ойноп жүрөт.Бир учурда операторлордун көңүлүн тынбай маарап, улам бир эчкиге чуркап барып, энесин элеңдеп издеп жүргөн апакай улак бурган. Жаныбарлардын тобу акырындык менен жыла баштаганда ак улак чебелектеп энесин андан да катуу издей баштаган. Оттоп жүргөндөрдүн жанына чуркап жетип, бирок алар мүйүзү менен тап берип, качырып жатканын көрүүгө болот. "Издөө иштери" бир топко чейин созулуп, акыры кичинекей жаныбар энесин тапкан. Окуя асканын жантайыңкы жеринде жаткан энесин тынч койбой, үстүнө секирип, кайра түшүп ойноп жаткан жеринен соңуна чыгып, видео бүткөн.
https://sputnik.kg/20200208/dubal-menen-churkagan-suykumduu-ulaktar-video-1047005187.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0b/1054939451_0:-1:1147:720_1920x0_80_0_0_f4d008d565020899652056b6beb18d88.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, видео, мультимедиа, акш, эчки, улак, издөө, оператор
жаңылыктар, дүйнөдө, видео, мультимедиа, акш, эчки, улак, издөө, оператор
Улактын энесин элеңдеп издеген видеосу
16:30 11.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Түндүк Америкада жашаган ак түстүү эчкилердин жашоосун PBS телеканалынын операторлору кызыктуу кылып тартып, көрүүчүлөргө сунуштаган. Анда өзгөчө апакай улактын энесин чебелектеп издеген учуру көңүлдү бурат.
Илимде бул эчкилерди Oreamnos americanus деп аташары "
National Geographic Россия" сайты жазды.
Алар тоолуу аймакты байырлайт. Калың жүнү сууктан сактап келсе, күн жылыганда түлөп, түшө баштайт. Мындай учурда көп улактар энесин алыстан көрүп тааныбай калат.
Кадрдан үйүрү менен жайылып жүргөн балалуу эчкилерди, жагымдуу табиятты көрүүгө болот. Ал эми улактар таштан-ташка секирип ойноп жүрөт.
Бир учурда операторлордун көңүлүн тынбай маарап, улам бир эчкиге чуркап барып, энесин элеңдеп издеп жүргөн апакай улак бурган. Жаныбарлардын тобу акырындык менен жыла баштаганда ак улак чебелектеп энесин андан да катуу издей баштаган. Оттоп жүргөндөрдүн жанына чуркап жетип, бирок алар мүйүзү менен тап берип, качырып жатканын көрүүгө болот. "Издөө иштери" бир топко чейин созулуп, акыры кичинекей жаныбар энесин тапкан. Окуя асканын жантайыңкы жеринде жаткан энесин тынч койбой, үстүнө секирип, кайра түшүп ойноп жаткан жеринен соңуна чыгып, видео бүткөн.