Чоң-Алайда кызыл карышкыр бар. Эколог Кубанычбеков менен маек

© Фото / предоставлено Заирбеком КубанычбековымЭколог Заирбек Кубанычбеков
Эколог Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Жазылуу
Заирбек Кубанычбеков 11 жыл мамлекеттик кызматта иштеген. Жаратылышты коргоого багытталган эл аралык долбоорлор менен алектенгенине 10 жыл болду. Анын чет элдиктер менен жасаган илимий-изилдөө иштери бир катар мамлекеттерде жарыяланган.
Жапайы жаныбарларды коргоого, изилдөөгө кызыккан эколог менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Алгач мамлекеттик кызматта иштеп, кийин жапайы жаныбарларды коргоо жаатына кетип калган экенсиз. Башка иш менен алектенүүңүзгө эмне себеп болду?
— Мамлекеттик кызматта 11 жыл иштеп көп нерсе үйрөнүп, тажрыйба топтодум. Башында элге кызмат кылам, коомго пайдам тийсин деп жүрүп бара-бара үй-бүлөнүн, бала-бакыранын келечегин ойлой баштайт экенсиң. Чындыгында мен материалдык жактан кыйналгандыктан кетүүгө мажбур болгом. Себеби алганың 10 миң сомдун тегерегиндеги айлык, жумуштан чыгып алып кээде такси айдап иштемей. Ошол кезде өзүм бир нерсени изилдеп, же бир атайын иш баштап, анын жыйынтыгын көргүм келип жүргөм. Буйрук экен, долбоорлор менен иштеп кеттим. 2011-жылдан бери жапайы жаныбарларды коргоо жаатында иш жүргүзүп келем. Кээде мурдагы кесиптештериме кезигип калганда, "эмнеге бизден кетип калдың?" деп сурап калышчу. Мен тамашалап "жапайы жаныбарлар менен иштеген жакшы экен. Алар адамды жамандабайт, ички дүйнөсү таза, интрига, көрө албастык жок. Алыстан эле бири-бирибизге көз салып коёбуз" дечүмүн. Жаратылышты, жаныбарларды изилдеп баштаганда ичине сүңгүп кирип, чоң дүйнөгө түшүп калгандай эле болосуң. Түшүнгөн адамга ал керемет дүйнөнүн өзүнүн философиясы, түшүнүгү, мыйзамдары бар.
© Фото / предоставлено Заирбеком КубанычбековымЗаирбек Кубанычбеков: жаратылышты, жаныбарларды изилдеп баштаганда ичине сүңгүп кирип, чоң дүйнөгө түшүп калгандай эле болосуң. Түшүнгөн адамга ал керемет дүйнөнүн өзүнүн философиясы, түшүнүгү, мыйзамдары бар
Эколог Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Заирбек Кубанычбеков: жаратылышты, жаныбарларды изилдеп баштаганда ичине сүңгүп кирип, чоң дүйнөгө түшүп калгандай эле болосуң. Түшүнгөн адамга ал керемет дүйнөнүн өзүнүн философиясы, түшүнүгү, мыйзамдары бар
— Экология ичинен көп багыттарга бөлүнөт эмеспи, сиз негизинен эмне менен алексиз?
— 2011-2016-жылдары ар кандай долбоорлордо эксперт болуп иштеп, беш жыл мурун өзүбүздүн "Илбирс" коомдук фондун ачып, үч багыт боюнча иштеп келебиз. Биринчиси — жапайы жаныбарларды илимий жактан изилдөө, экинчиси — жергиликтүү эл менен жаратылышты коргоо багытында иштешүү, үчүнчүсү — мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүү. Буюрса, жыйынтык жакшы. Кыргызстанга көп жаңычылдык алып келдик. Мисалы, биринчилерден болуп Бажы кызматынын кызматтык тогуз ити жапайы жаныбарлардын дериваттарын (тери, мүйүз, эти, каны — ред.) издөөгө үйрөтүлдү, алар үчүн атайын вольерлер салынды. Окутулган кызматтык иттер жапайы жаныбардын этин, терисин, мүйүзүн жытынан таап берет. Алардын жардамы менен мыйзамсыз атылып, чет өлкөгө чыгарылып бара жаткан жаныбарларды бажычылар оңой эле таба алат. Эми ошондой эки кызматтык итти Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине белек кылдык. Биз негизинен туруктуу долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенебиз. Кудайга шүгүр, көпчүлүк долбоорлорубуз туруктуу. Бул нерсеге жаратылышты коргоо тармагында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын колдоосу менен жетиштик. Республика боюнча жети жерде жергиликтүү эл менен кызматташып, алар менен чогуу жаратылышты, жапайы жаныбарларды коргоп келебиз. Ал аймактарда атууга тыюу салынган жаныбарлардын саны кыйла көбөйүп, мыйзамсыз аңчылык кыскарды. Андан сырткары, толгон-токой изилдөөлөр менен алекпиз.
© Фото / предоставлено Заирбеком КубанычбековымЗаирбек Кубанычбеков: окутулган кызматтык иттер жапайы жаныбардын этин, терисин, мүйүзүн жытынан таап берет. Алардын жардамы менен мыйзамсыз атылып, чет өлкөгө чыгарылып бара жаткан жаныбарларды бажычылар оңой эле таба алат
Эколог Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Заирбек Кубанычбеков: окутулган кызматтык иттер жапайы жаныбардын этин, терисин, мүйүзүн жытынан таап берет. Алардын жардамы менен мыйзамсыз атылып, чет өлкөгө чыгарылып бара жаткан жаныбарларды бажычылар оңой эле таба алат
— Илимий-изилдөө деп калдыңыз, бизге чет элдиктер көп келсе керек. Алар менен эмнени изилдейсиздер?
— Ак илбирстердин, аркар-кулжалардын, тоо теке-эчкилердин жана башка жапайы жаныбарлардын биологиясын, генетикасын, алардын санын, миграциясы же жер которуусун иликтейбиз. Кыргызстанда кээ бир анализдер жасалбагандыктан, көпчүлүк керектүү пробаларды АКШга, Англияга чейин жөнөтөбүз. Акыркы үч жылдан бери жапайы жаныбарлардын оорусун изилдөө үчүн АКШдагы Корнелл университети менен кызматташып жатабыз. Алардын лабораториясы кээ бир анализдерибизди бекер чыгарып берүүдө. Мындан үч жыл мурун Оксфорд университети менен иштешкенбиз. Университеттин лабораториясына карышкырдын генетикалык линиясын изилдөө үчүн ал жакка төрт миллиграмм канды жөнөтүү үчүн толгон-токой уруксат кагаздарын толтурганыбыздан кийин аны жеткирип берүүчү компанияга эле 500 доллар кеткен. Кыскасы, жумушубуз өтө машакаттуу жана кызыктуу. Жыйынтыгына күбө болгон соң кыйынчылыктарды унутуп каласың. Анан көбүнчө чет элдик илимий-изилдөө борборлору, университеттер менен иштешкенге аракет кылабыз. Себеби алардан үйрөнө турчу нерселер өтө көп. Ар жылы чет өлкөлөргө чыгып тажрыйба алмашууга аракет кылабыз.
© Фото / предоставлено Заирбеком КубанычбековымЗаирбек Кубанычбеков: ак илбирстердин, аркар-кулжалардын, тоо теке-эчкилердин жана башка жапайы жаныбарлардын биологиясын, генетикасын, алардын санын, миграциясы же жер которуусун иликтейбиз
Эколог Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Заирбек Кубанычбеков: ак илбирстердин, аркар-кулжалардын, тоо теке-эчкилердин жана башка жапайы жаныбарлардын биологиясын, генетикасын, алардын санын, миграциясы же жер которуусун иликтейбиз
— Бизде изилдене элек жаныбарлар, аймактар көп болсо керек?
— Кыргызстанда изилдене турган жапайы жаныбарлар арбын. Буга түрдүү себептер бар. Бир жагынан илимий мүмкүнчүлүгүбүз анча жетишпесе, экинчи жагынан каражат маселесине такалабыз. Биздин команда тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен биргеликте колубуздан келишинче четинен изилдөөгө аракет кылып жатабыз. Мисалы, аюу боюнча изилдөө баштоо үчүн Аюуну коргоо боюнча дүйнөлүк ассоциацияга өз сунушубуз менен кайрылып, алардын колдоосу менен бир кызматкерибиз Румыниядан тажрыйба топтоп келди. Эми бул жаныбарды дагы тереңирээк изилдөөнүн алдында турабыз. Андан сырткары, үч жылдан бери кундузду изилдөө үчүн долбоор даярдап чуркап жүрөбүз. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда алардын саны 20дай эле калды, Чоң-Алайдын Көк-Суу суусунда эле бар. Жоголуп кетүү алдында турат. Кундузду коргоо боюнча эл аралык коргоо уюму менен кеңешип, 2022-жылы изилдөөнү Улуттук илимдер академиясы жана Чоң-Алайдагы "Бек Тосот" коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырууну көздөп жатабыз.
Акыркы жаңылыктардан айта кетсем, АКШнын Делавэр университетинин илимий изилдөөчүсү менен илбирстин генетикасын изилдөө үчүн материалдарды (кыгы) чогултуп лабораторияга жөнөткөнбүз. Ошол чогултулган генетикалык материалдардын ичинде Чоң-Алай тарапта кызыл карышкыр бар экендиги аныкталды. Бул да болсо жакшы жаңылык. Кыскасы, аманчылык болсо жасай турчу иштер алдыда.
© Фото / предоставлено Заирбеком КубанычбековымЗаирбек Кубанычбеков: Кыргызстанда изилдене турган жапайы жаныбарлар арбын
Эколог Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Заирбек Кубанычбеков: Кыргызстанда изилдене турган жапайы жаныбарлар арбын
— Биз өзүбүздүн жаратылышты кооз, адам буту басып барбаган деп сүрөттөп калат эмеспизби. Чет элдик изилдөөчүлөргө биздин жаратылыш же жаныбарларыбыз эмнеси менен кызык?
— Ооба, кээ бир адам басып бара албаган, изилденбеген кооз жерлер бар. Негизинен илимпоздор жаныбарлардын бир түрүн атайын изилдөөгө келишет. Андан сырткары, жаратылышы кооз, жаныбарлары көп Сарычат — Ээрташ, Нарын, Хан-Теңир жана башка мамлекеттик жаратылыш корук, парктарга кызыгат. Негизи ошондой жерлер экологиялык жана илимий туризм менен алектенүүгө өтө ыңгайлуу.
— Кыргызстанда ошол экологиялык жана илимий туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп элеби?
— Биз жергиликтүү эл менен иштешүүдө "жаратылышыңарды өзүңөр коргогула, атайын уюм түзүп мамлекеттик ыйгарым укуктуу мекеме жерлерге аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн уюштурган сынакка катышып, утуп алууга аракет кылгыла" деп айтабыз. "Ал жерди жакшылап коруп, жапайы жаныбарлар көбөйгөндө мыйзамдуу аңчылык жүргүзүүгө мамлекеттен уруксат алгыла же экотуризм, илимий туризм менен алектенгиле" дейбиз. Андан сырткары, жаратылыш парктарда, коруктарда да экотуризмди, илимий туризмди өркүндөтсө болот. Мындай ыкманы дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттер колдонуп, жакшы киреше таап жатышат. Анан азыр илимий туризмге да суроо-талап жогорулоодо. Кыргызстандын бул багыттагы иштин келечеги бар. Келе турган туристтер жөн эле айлана-чөйрөнү, жаратылышыбызды көрүп эле кетпестен, ошол коруктардагы жүргүзүлүп жаткан илимий иш-чараларга да өз салымын кошуп, жапайы жаныбарларды изилдөө максатында фотокапкандарды орнотууга, генетикалык материалдарды топтоого көмөк көрсөтөт. Илимий кызматкерлер менен тоо аралап карышкырдын кыгын чогултсаң да чоң тажрыйба аласың. Биринчиден, алар жардамынан сырткары чогуу жүргөн жергиликтүү кызматкерлерге акча да төлөшөт, изилдөөчүлөр бат-баттан келип турса, мыйзамсыз аңчылык да болбойт. Мунун көп жакшы жактары бар.
© Фото / предоставлено Заирбеком КубанычбековымЗаирбек Кубанычбеков: ак илбирс Кыргызстандагы жаныбарлардын төрөсү деп эсептейм. Аябай таза, сулуу келет. Биз аларды кармап каргы такканда сылап, жакындан көрүп калдым
Эколог Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Заирбек Кубанычбеков: ак илбирс Кыргызстандагы жаныбарлардын төрөсү деп эсептейм. Аябай таза, сулуу келет. Биз аларды кармап каргы такканда сылап, жакындан көрүп калдым
— Кыргызстандын жаратылышын, жапайы жаныбарларын изилдөө үчүн бизде адистер, илимпоздор жетиштүү элеби?
— Негизинен жакшы эле, бирок кээ бир жаныбарларды изилдөө үчүн адистер чынында жетишпейт же бул нерсе менен алектенгиси келбейт. Мисалы, азыр Кыргызстанда жарганаттарды изилдей турган адис жок. Эсимде, мындан 2-3 жыл мурун тааныштар ошондой илимпоз барбы, чет элдик илимпоздор иштешүүгө даяр дегенинен издештирсем жок экен. Эгер кимдир бирөө изилдей баштаса, республикада жарганат боюнча жападан жалгыз окумуштуу болмок.
Швейцариялык антрополог Тобиас Маршалл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт
— Негизинен сиздин уюм ак илбирсти изилдөө, аны коргоо боюнча иш алып барат экен...
— Ак илбирс Кыргызстандагы жаныбарлардын төрөсү деп эсептейм. Аябай таза, сулуу келет. Биз аларды кармап каргы такканда сылап, жакындан көрүп калдым. Терисиндеги темгилдери, жүндөрү жаңы эле жууп, тарап койгондой. Мындайча айтканда, мышыктын чоңу да. Анан аябай баёо келет, башка жаныбарлардай катуу чуркап качканды билбейт, кичине чуркамыш этип коёт. Ушунун айынан да саны азайып кетсе керек.
— Жумуштун аркасы менен ар бир жаныбардын эмне жеп, кайсы жерди байырлай турганын билесиз да. Кайсы жаныбарга бооруңуз ооруйт?
— Коён менен суурга боорум ооруйт. Анткени көпчүлүк ушул экөө менен азыктанат. Жайдын күнү суур тиштеген илбирстин сүрөтү фотокапканга деле түшөт. Аюу келип алып суурдун ийинин казып жатканы, асмандан бүркүт кол салганын көрөсүң. Коён деле көбүнө жем, негизинен эле экөөнө кыйын. Карап отуруп аяп кетесиң.
Жаңылыктар түрмөгү
0