Раззаковдун ишеничтүү адамы болгон. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

© Фото / из семейного архива СуеркуловыхБелгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркулов
Белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Жазылуу
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнү. Союз маалында жогорку кызматтарда эмгектенген кыргыздын камчыга сап уулу кезинде республикада бир топ иштерди жасаган.
Ата мекенине, элине кылган кызматы менен унутулбаган инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет.
Өспүрүм котормочу. Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусундагы Торкен айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал энесинен эрте ажырап жетимдер үйүндө тарбияланып, ал жактан орус тилин өздөштүрүп алып, 14 жашында Россиядан келген экспедиция менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда котормочу болуп иштеген. Ал эми атасы Сүйөркул дыйкандардын чарбасында жалданып иштеген. Кийин Фрунзедеги соода жана контролдук мектепте билим алып, 1930-жылы Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга даярдоо курсунан өтүп, Москвадагы пландык экономика институтун кыска убакытта аяктоого жетишет.
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхБелгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркулов 29 жашында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, 37 жашында Кыргыз ССРинин өкмөтүн башкарган
Известный государственный деятель Кыргызской ССР Абды Суеркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркулов 29 жашында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, 37 жашында Кыргыз ССРинин өкмөтүн башкарган
37 жашында өкмөт башчы. Жаш адис эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү тепкичтерди басып өткөн. Кызыгы, ал 29 жашында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, 37 жашында Кыргыз ССРинин өкмөтүн башкарган.
Айтылуу драматург жана жазуучу Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Уулунун артынан жубайы көз жумган. Маданияттын алпы Мар Байжиев тууралуу 9 факт
Бир ажалдан калган. Союздук республикаларда 1930-жылдардын соңунда массалык репрессия башталып, кесипкөй Абды бир ажалдан калган. Ошол маалда кыргыздын бир топ каймактары атып өлтүрүлгөндө Кыргыз ССРинин Элдик финансы комитетинин бөлүм башчысы келинчегин жана кичинекей балдарын атка мингизип алып кичи мекенине качып кеткен.
Согушка барбай калган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинде пропаганда жана агитация боюнча катчы болчу. Мекенин сүйгөн уул фронтко аттануу үчүн эки-үч жолу арыз жазган, бирок жогору жактагылар аны мамлекеттик кызматта иштеткиси келип коё бербей койгон.
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхБир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси пенсияга чыккандан кийин да Фрунзедеги "Элдик чарбанын жетишкендиктери" жарманкесинин директору болуп, ага тогуз жылдай баш-көз болгон. Сүрөттө СССРдин башчысы Никита Хрущевго меринос койлорду көргөзгөн Кыргыз ССРинин соода министри
Известный государственный деятель Кыргызской ССР Абды Суеркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси пенсияга чыккандан кийин да Фрунзедеги "Элдик чарбанын жетишкендиктери" жарманкесинин директору болуп, ага тогуз жылдай баш-көз болгон. Сүрөттө СССРдин башчысы Никита Хрущевго меринос койлорду көргөзгөн Кыргыз ССРинин соода министри
Жаратман башчы. 1946-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепти аяктап, үч жылдай Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болгон. Көп өтпөй Сүйөркулов Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, сегиз жылдай иштейт, андан кийин он жылдай Соода министрлигин башкарган. Бул мезгил аралыгында өкмөт башчысы Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ишке берип, Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алган. Анын демилгеси менен Бишкек шаарындагы азыркы Касымалы Баялинов атындагы китепкана, борбор калаадагы ат майдан, бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков менен жакшы мамиледе болгон жана анын ишеничтүү адамы катары саналган.
Чарчабаган пенсионер. Бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси пенсияга чыккандан кийин да Фрунзедеги "Элдик чарбанын жетишкендиктери" жарманкесинин директору болуп, ага тогуз жылдай баш-көз болгон.
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхКыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты байбичеси менен 50 жылдан ашык түтүн булатып, төрт уулду тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө Абды Сүйөркулов чет өлкөдө өмүрлүк жары менен
Известный государственный деятель Кыргызской ССР Абды Суеркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты байбичеси менен 50 жылдан ашык түтүн булатып, төрт уулду тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө Абды Сүйөркулов чет өлкөдө өмүрлүк жары менен
Төрт уулдун атасы. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты байбичеси менен 50 жылдан ашык түтүн булатып, төрт уулду тарбиялап өстүргөн. Тун уулу Эмил геология илимдеринин доктору болгонго чейин жетсе, Эркин чек арачы болуп көп жыл куралдуу күчтөрдө эмгектенген. Эрке аттуу баласы экономика илимдеринин кандидаты, кичүүсү Энвер социолог. Баласынын айтымында, атасы уулдарына жакшы тарбия, билим берип, эмгектенип өз алдынча ийгиликтерди багындырууга үйрөткөн. Эч бирин ортого түшүп кызматка орноштурууга дити барган эмес. Абды Сүйөркулов 1992-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0