Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
10-декабрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Таласта +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +8…+13, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…+4, Нарын чөлкөмүндө -5…-7 градус болот.
Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо жана Ош калаасында +10…+12 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0