https://sputnik.kg/20211209/zhany-deputattarga-kabineti-berbenizder-1054916664.html
Жаңы депутаттарга кабинетиңерди бербегиле. Касымалиева эскертүү берди
Жаңы депутаттарга кабинетиңерди бербегиле. Касымалиева эскертүү берди
Sputnik Кыргызстан
Жаңы чакырылыш келгенден кийин ар бир фракция мүчөлөрүнөн комиссия түзүлүп, чоңураак кабинеттер статуска жараша бөлүштүрүлөт. 09.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-09T17:37+0600
2021-12-09T17:37+0600
2021-12-14T14:27+0600
кыргызстан
саясат
жаңылыктар
социалдык тармак
депутат
бөлүштүрүү
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1e/1053059293_0:0:1000:562_1920x0_80_0_0_fd170307b97c1cd9918ad249e4f8040b.jpg
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева кабинетин жаңы келчү депутаттарга берип жаткан кесиптештерине эскертүү берди.Ал иш бөлмөлөрдү кийинки чакырылыш өзү комиссия түзүү менен бөлүштүрөрүн билдирди.Ал эми азыркы чакырылыштагы кызматтык турак жай жана кабинеттерди бөлүштүрүү боюнча атайын комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов алдын ала ээлеп алгандар чыгарылып калышы мүмкүн экенин айтты."Жаңы чакырылыш келгенден кийин ар бир фракция мүчөлөрүнөн комиссия түзүлөт. Депутаттын алган добушуна, статусуна жараша кабинеттер бөлүштүрүлөт. Спикер, вице-спикер, фракция лидерлерине, көп добуш алган фракция мүчөлөрүнө чоңураак бөлмөлөр берилет. Азыр кимдир бирөө кабинетти ээлеп алса, комиссия аны чыгарып коё алат", — деди Нышанов.Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда дагы VII чакырылышка келе турган депутаттар эмитен эле кабинеттерди ээлеп алганы талкууланып жаткан.
https://sputnik.kg/20211202/deputattardyn-mayanasy-500-somgo-azaydyby-1054837644.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1e/1053059293_125:0:874:562_1920x0_80_0_0_12011fe07e09b7279b753b17b37bcdf9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, жаңылыктар, социалдык тармак, депутат, бөлүштүрүү
кыргызстан, саясат, жаңылыктар, социалдык тармак, депутат, бөлүштүрүү
Жаңы депутаттарга кабинетиңерди бербегиле. Касымалиева эскертүү берди
17:37 09.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жаңы чакырылыш келгенден кийин ар бир фракция мүчөлөрүнөн комиссия түзүлүп, чоңураак кабинеттер статуска жараша бөлүштүрүлөт.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер
Аида Касымалиева кабинетин жаңы келчү депутаттарга берип жаткан кесиптештерине эскертүү берди.
Ал иш бөлмөлөрдү кийинки чакырылыш өзү комиссия түзүү менен бөлүштүрөрүн билдирди.
"Урматтуу депутаттар, кийинки чакырылыштын депутаттары менен сүйлөшүп алып иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер. Себеби аны жаңы келген чакырылыш атайын комиссия түзүп өздөрү чечиши керек. Ошондуктан өз ара сүйлөшүү аркылуу ачкычыңарды бербеңиздер. Сураныч сиздерден", — деп кайрылды Касымалиева.
Ал эми азыркы чакырылыштагы кызматтык турак жай жана кабинеттерди бөлүштүрүү боюнча атайын комиссиянын мүчөсү, депутат
Сайдулла Нышанов алдын ала ээлеп алгандар чыгарылып калышы мүмкүн экенин айтты.
"Жаңы чакырылыш келгенден кийин ар бир фракция мүчөлөрүнөн комиссия түзүлөт. Депутаттын алган добушуна, статусуна жараша кабинеттер бөлүштүрүлөт. Спикер, вице-спикер, фракция лидерлерине, көп добуш алган фракция мүчөлөрүнө чоңураак бөлмөлөр берилет. Азыр кимдир бирөө кабинетти ээлеп алса, комиссия аны чыгарып коё алат", — деди Нышанов.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда дагы VII чакырылышка келе турган депутаттар эмитен эле кабинеттерди ээлеп алганы талкууланып жаткан.