"Трава у дома" ыры япончо жаңырып... Космоско салтты бузган экипаж учуп кеткен видео

Жазылуу
"Союз МС-20" космос кемесинин экипажы бул ирет салтты бузуп, космоско учар алдында "Земляне" тобунун айтылуу "Трава у дома" чыгармасын орус тилинде эмес, япон тилинде угушту.
Советтер Союзундагы "Земляне" тобунун "Трава у дома" чыгармасын космоско учар алдында угуу Байконур космодромунан учкан космонавттар үчүн жазылбаган мыйзам болуп калган.
Бирок бул ирет "Союз МС-20" космос кемесинин экипажы аны адаттагыдай орус тилинде эмес, япон тилинде угушту.
Буга космонавттардын катарында Япониянын эки жараны — Юсаку Маэзава жана Йозо Хирано болгону себеп болду. Ырды япон тилинде Deai дуэти аткарган.
Кеме космоско 8-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 13.00дө учуп кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0