Манас ааламын тарткан Майрамкул Асаналиевдин көргөзмөсү өтөт

Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
Көргөзмөгө сүрөтчүнүн 30дан ашуун эмгеги коюлуп, сүрөттөрүнүн негизинде жасалган анимациялык ролик тартууланат.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Манас ааламын тарткан белгилүү сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин "Манас — рух гүлазыгы" деп аталган көркөм дүйнөсүнүн автордук көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.
Кишилер улуттук туусу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Дубайдагы салтанатта көтөрүлгөн Кыргызстандын туусу. Видео
Иш-чара борбор калаанын Эркиндик бульвары, 58а дарегиндеги Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда 16-17-декабрда жабык эшик артында өтөт. Ал эми бардык каалоочуларга 20-23-декабрь күндөрү сунушталат.
Майрамкул Асаналиев Көчмөндөр оюнунун эн белгисинин автору, жаштар сыйлыгынын жана "Эл Куту чебер" наамынын лауреаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0