Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЖерге түшкөн жалбырактар. Архив
Жерге түшкөн жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
8-декабрга караган түнү өлкө аймагында жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткенде жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Баткенден башка аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2...+7, Нарын аймагында -3...+2 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +5...+7 жана Ош калаасында +9...+11 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0