Бишкекте бир бөлмөлүү "элиткалар" 3 000 долларга арзандады. Батирлердин баасы

Жазылуу
2021-жылдын ноябрь айында Бишкекте батирлердин дээрлик бардык категориясына болгон баа өстү. Бирок айрым түрлөрү, тескерисинче, арзандаган.
Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп, өткөн ай менен салыштырып турат.
Бул материалды даярдоо үчүн 1 207 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.
Ноябрда ордо калаада өткөн айларга салыштырмалуу батирлердин дээрлик бардык түрү кымбаттаган. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы 1 700 долларга жогорулаган. Жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер, тескерисинче, 1 100 долларга арзандаганы маалым болду.
Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 100 долларга көтөрүлүп, 41 600 доллардан сатылууда. Ал эми ичин өзү жасап ала турган бир бөлмөлүү "элиткалардын" баасы 3 000 долларга түшкөн.
Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) канчадан сатылып жатканын көрсөтүп бердик.
Ачык маалымат булактарына таянсак, ноябрь айында Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 31 700 доллар (26 500дөн 35 500гө чейин);
105-серия — 29 500 (23 500дөн 36 500гө чейин);
106-серия — 33 000 (25 900дөн 42 500гө чейин);
мейманкана тибиндегилер — 7 000 (6 000ден 9 000ге чейин).
Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
Жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 29 400 (16 500дөн 43 000ге чейин);
Өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 28 000 (19 000ден 42 400гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 37 600 доллар (31 500дөн 48 800гө чейин);
105-серия — 42 500 (28 500дөн 52 500гө чейин);
106-серия — 46 100 (34 800дөн 58 500гө чейин);
мейманкана тибиндегилер — 33 500 (23 200дөн 44 000ге чейин).
Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
Жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 41 600 (22 500дөн 68 300гө чейин);
Өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 46 100 (25 000ден 85 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 45 000 доллар (33 500дөн 60 000ге чейин);
105-серия — 53 100 (24 000ден 73 000ге чейин);
106-серия — 59 700 (40 800дөн 89 000ге чейин);
мейманкана тибиндегилер — 40 900 (23 000ден 51 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
Жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 54 200 (29 000ден 126 000ге чейин);
Өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 73 300 (42 500дөн 120 000ге чейин).
Өлкөдө кроссовер менен жолтандабастардын баасы кандай өзгөрдү. Инфографика>>
Жаңылыктар түрмөгү
0