Бир өлкөнү экинчисине каршы колдонууда. Кыргызстан ЕККУну сындап чыкты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министри Руслан Казакбаев
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Кыргыз тарап уюмдун мүчөлөрүнүн арасындагы ишеним кризиси көйгөйлүү аспектилеринин бири бойдон калууда деп сыпаттады.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коопсуздук жаатында мамлекеттердин тең укуктуулугу сакталбай жатканын айтып Европа коопсуздук кызматташтык уюмун (ЕККУ) сындады.
Ал Стокгольм шаарында ЕККУнун төрайымы, Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөн формалдуу эмес жолугушууга катышкан.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев коопсуздук жаатында мамлекеттердин тең укуктуулугу сакталбай жатканын айтып Европа коопсуздук кызматташтык уюмун (ЕККУ) сындады
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коопсуздук жаатында мамлекеттердин тең укуктуулугу сакталбай жатканын айтып Европа коопсуздук кызматташтык уюмун (ЕККУ) сындады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коопсуздук жаатында мамлекеттердин тең укуктуулугу сакталбай жатканын айтып Европа коопсуздук кызматташтык уюмун (ЕККУ) сындады
© Фото / пресс-служба МИД КРАл Стокгольм шаарында ЕККУнун төрайымы, Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөн формалдуу эмес жолугушууга катышкан
Ал Стокгольм шаарында ЕККУнун төрайымы, Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөн формалдуу эмес жолугушууга катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал Стокгольм шаарында ЕККУнун төрайымы, Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөн формалдуу эмес жолугушууга катышкан
1/2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коопсуздук жаатында мамлекеттердин тең укуктуулугу сакталбай жатканын айтып Европа коопсуздук кызматташтык уюмун (ЕККУ) сындады
2/2
Ал Стокгольм шаарында ЕККУнун төрайымы, Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөн формалдуу эмес жолугушууга катышкан
Анда Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен биргеликте ЕККУнун коопсуздук концепциясына жана уюмга мүчө мамлекеттердин аны ишке ашыруунун алкагындагы милдеттерине арналган тематикалык талкууларда негизги докладчы катары сүйлөгөн.
"ЕККУнун коопсуздуктун үч негизги көрсөткүчүн ишке ашыруудагы дисбаланстан келип чыккан туруктуулукту камсыздоодо жана жаңжалдарды басаңдатууда уюмдун ролу төмөндөп баратат. Буга байланыштуу ЕККУ ачык жана тең укуктуу диалог жүрүүчү аянтча катары өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бара жатканын өзгөчө белгилейбиз. Кыргыз тараптын пикири боюнча уюмдун мүчөлөрүнүн арасындагы ишеним кризиси көйгөйлүү аспектилеринин бири бойдон калууда. ЕККУнун алкагындагы милдеттердин ага мүчө мамлекеттер тарабынан аткарылуусуна байланышкан маселелерди чечкен айрым учурларда ЕККУ бир мамлекети экинчисине каршы саясий максатта колдонууда. Мындай жагдайлар уюмдун ичиндеги карама-каршылыктарды күчөтүп, эл аралык аренадагы аброюна зыян келтирет", — деди Казакбаев.
Аны менен катар ТИМ башчысы ЕККУнун аймагындагы бардык көйгөйлөр жана чакырыктар конструктивдүү диалогду күчөтүү жолу менен жана консенсустун негизинде чечилүүгө тийиш экенин баса белгиледи.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Рим папасы Франциск менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Казакбаев Рим папасы менен жолукту: Ватикан кыргыз тарапка эмне сунуштады. Сүрөт
"Ошол эле учурда ЕККУнун негизги документтеринде чагылдырылган принциптерди, атап айтканда, эгемен теңдик, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, ички иштерге кийлигишпөө, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сыйлоо, тең укуктуулук, элдердин өз тагдырын өзү чечүү принциптерин бирдей сыйлоо жана сактоо аркылуу гана уюм бириге алат. Баарын камтыган коопсуздуктун концепциясын колдоо жана мүчө өлкөлөрдүн өз милдеттерин аткаруусун камсыздоого кадам таштай алат", — деп кайрылды министр.
Соңунда министр эл аралык коомчулук, анын ичинде ЕККУ өлкөлөрү афган элине социалдык-экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча токтоосуз аракеттерди жасашы маанилүү экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0