Коркунуч фактору: "омикрон" мунайдын наркын түшүрдү

© REUTERS / Ernest Scheyder / File PhotoНефть казуучу станция. Архив
Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Мунай он долларга арзандап, эки айлык минимумга чейин төмөндөдү. Буга коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушу да таасир этти.
Эгер вирустун кооптуулугу аныкталса, дүйнөдө кайрадан катаал чектөөлөр киргизилиши ыктымал. Андай жагдай кубаттуулук булактарына болгон суроо-талапты азайтары бышык.
Арзандатуулар жумасы (Black Friday) фондулук рынокто да "белгиленди": инвесторлор ири ишканалардагы кагаздарын кыйла арзан кармата салышты. Алдыда ОПЕК+ жолугушуусу бар. Экспортчулар кен казууда түзөтүүлөр зарыл болуп-болбогонун чечүүгө тийиш. Мунай жаатындагы акыркы жагдайдан кеп салган Наталья Дембинскаянын учкай макаласы РИА Новости сайтына чыккан.
Ноябрдын ортосунда Brent үлгүсүндөгү мунай баррелине 82 долларды түзүп, негизги керектөөчүлөргө бул жаккан эмес. Январдан бери бензин АКШда литрине 0,62ден 0,83 долларга чейин көтөрүлгөн. Андай көрүнүш менен жети жылдык рекордду жаңырткан.
Америкалыктар бул үчүн ОПЕК+ уюмун айыптаган. Азыр ар бир айда картель кен казууну суткасына 400 миң баррелге жогорулатып, акырындап кайра калыбына кайтууда. Эске салсак, өндүрүш көлөмү былтыр тарыхта болуп көрбөгөндөй кыскарган.
Полиция Стокгольмдогу демонстрация учурунда климат активисттерин эвакуациялап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Россияга каршы экотеррорчулар тапталып жатабы?
Вашингтон бааны төмөндөтүү үчүн стратегиялык мунай резервдерин ачты. Интервенция жасап, америкалыктар Кытай, Япония, Индия жана Түштүк Кореяны мунай корунан сатууну өтүнүштү. Рынокко түшө турган ашыкча 70 миллион баррель тууралуу маалымат Brent наркын 80 доллардан ылдыйлаткан.
"Омикрон" штаммы боюнча кабар да баарын дүрбөлөңгө салып, 26-ноябрда Brent маркасы 72ге түшүп калды. Бир күндө мынчалык арзандашы 2020-жылдын апрелинен бери каттала элек болчу. Москва биржасынын индекси 3,5 пайызга ылдыйлады. Дүйшөмбү күнү баалар бир аз өйдө-ылдый болгону менен шейшембиде түндүк деңиз мунайынын наркы кайрадан түшүп кетти.
Соода сессиясынын минимумунда 30-ноябрда 2022-жылдын февралына карата мунай менен жабдуу келишимдери баррелине 70,62 долларга чейин арзандап, маалында 3,8 пайыз жоготту.
Анын алдында эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун "омикрон" штаммы тез жайылып, анын ичинде мурда ооруп сакайгандардын арасында да бачым тараларын маалымдаган. Бирок уюмдагылар жаңы штамм тууралуу так маалымат жок экенин да моюнга алышат. Анткен менен Moderna башкы директору коронавируска каршы азыркы вакциналар анын жаңы түрүнө туруштук бере алары арсар экенин билдирди.
Израиль жана Сингапур Африканын айрым мамлекеттери менен аба каттамын чектеди. Улуу Британия, Германия, Италия, Франция жана Нидерланд эксперттер кезектеги мутант изилденип бүткөнчө аталган континенттин алты өлкөсүнө учуштарды токтотту.
Чек араларды жабуу, логистикалык үзгүлтүктөр... Булардын баары дүйнөлүк экономиканын калыптанышын кескин түрдө басаңдатары турулуу иш. Анан, албетте, кубаттуулукка суроо-талап да түшөт.
Добыча нефти в США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
"Бороондуу" суроо-талап: АКШ россиялык мунайды сатып алууда
Рынок болжонгон сценарийлердин эң кооптуусуна чара көрүүдө. Мунай корун четинен кертип сатуу жана кен казууну көбөйтүү бааны кайрадан түшүрөрүн боолголойт "Синара" инвестициялык банкынын аналитикалык департаментинин директору Кирилл Таченников.
Эми соңку кеп ОПЕК+ келишиминде. Анын курамындагылар кандай аракет көрөрүн азырынча болжош кыйын. Азыркы план боюнча январь айынан тарта акырындап өндүрүш көлөмү көбөйтүлмөкчү. Сауд Аравиясынын энергетика министри Абдель Азиз бен Сальман Аль Сауд энергетикалык рынокко "омикрон" штаммынын таасири тууралуу эч кандай тынчсызданбаганын билдирди. Ошону менен катар эле картелдин пландары боюнча көз карашын айтуудан баш тартты.
Россиялык вице-премьер Александр Новактын азырынча Москванын кандайдыр ыкчам чара көрүшүнө зарылдык жоктугун айтат. Ал эми альянстагы өнөктөштөрү РФ менен менен бул жаатында пикир алышкан эмес.
"Мунайчыларды буга караганда АКШ жана анын союздаштарынын стратегиялык резервдерин ачуу аркылуу рынокко жасалган кысым көбүрөөк толгонтот. Жаңы штамм да жакынкы жыйындарда позицияларды кайра карап чыгууга аргасыз кылышы толук ыктымал", — деген ойдо "Единый брокер" компаниясынын директору Артем Арзамасцев.
"Эгер эртеңки (2-декабрга белгиленген) ОПЕК+ жолугушуусу пландарды өзгөртсө, мунай баррели кайрадан 80 доллардан кымбат болушу мүмкүн. Бирок АКШ болду-болбоду резервдерин ачууну улантат. Себеби алдыда конгресске шайлоо бар, демократтар көпчүлүктү кармап калуу үчүн бензинди арзандатууга тийиш", — дейт Borsell аналитикалык компаниясынын вице-президенти Ольга Веретенникова.
COVID-19 вакцинасын алган улгайган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Кубалык адистер "омикронго" каршы вакцина иштеп чыга баштады
Талдоочулардын баамында, ОПЕК+ уюмундагылар кылдаттык менен, мисалы, мунай алууну эки эсе кыскартып же белгисиз мөөнөткө дейре аны токтотот. Эгер жаңы штамм анчалык кооптуу эмес деп табылса, эч нерсе деле болбойт. Тилекке каршы, рублге бул туруктуулукту камсыздап бербейт. Өткөн жума күнү россиялык валютанын куну арзандап кеткенден бери рубль долларга карата 75,92ге түшүп, ал эми бир евро 85,69ду түзүп калган. "Омикрондун" өтө кооптуу эмес экендигине үмүт артуу менен акциялар жана мунай 29-ноябрда жоготууларынын бир бөлүгүн теңдеп алды. Рубль жаатында да абал ушундай, бирок белгисиздик дале курч бойдон.
Финансист, CARF фондунун башкаруучу директору Андрей Сырчиндин баамында мунайчылар эми күтүү позициясын карманышат. "Баары чочулаган нерсе – дүйнөлүк экономика 80 доллардан ашкан бааларга туруштук бере албай турганы", — деп белгилейт ал.
The Wall Street Journal басылмасы белгилегендей, ОПЕК+ уюмундагы дүйнөлүк импорттоочулардын аракеттеринен улам мунай саясатынын өзгөрүшү баары бир күтүлөт. Картелдеги булактарына таянуу менен аталган басылма, Сауд Аравиясы жана Россия "бааларды төмөндөтүп жибербөө үчүн пландалып келген өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнү жалпылап токтотууга" барышы ыктымал деп белгилейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0