Жайлообаева: протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине кадр жетишпейт
11:26 29.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын башкы дарыгери Жыпара Жайлообаева бир катар кыйынчылыктарга карабастан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен бекер камсыздап жатканын айтты.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин тарыхы оор согуш жылдарында башталган. 1942-жылы 16-февралда СССРдин Коргоо кеңешинин чечими менен Фрунзеде протездик-ортопедиялык цех уюштурулган. 1947-жылы заводго айланган. 2022-жылы биздин ишкана 80 жылдыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө ишкана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин курамына кирет. Бул тууралуу Жыпара Жайлообаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жайлообаева: протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине кадр жетишпейт
Анын айтымында, өлкөдө атайын протездик-ортопедиялык буюмдарды чыгаруучу адисти бир дагы окуу жай даярдабайт.
"Бизге ар кандай себептерден улам буту-колунан ажырап калгандар же майып болуп төрөлгөндөр кайрылышат. Баары идеалдуу деп айта албайм. Иш оор, себеби ар бир бейтап менен индивидуалдуу түрдө иштөө керек. Кызматкерлердин айлыгы аздыгынан жана атайын адистерди окуткан окуу жай жоктугунан улам кадр жетишсиздиги курч. Учурда Бишкекте 150, ал эми Ошто 40тай адам эмгектенет. Ишканага атайын протездик-ортопедиялык буюмдарды чыгаруучу адистер керек. Бирок өлкөдө бир дагы окуу жай мындай кадрды даярдабайт. Мүмкүнчүлүккө жараша адистер Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөн окутулат. Бирок бул да жетишсиз. Майыптардын арасында ар кандай курактагы адамдар бар. Бирок акыркы убакта, тилекке каршы, бизге балдар көп түшүп жатат. Бүгүнкү күндө 13 миң 160 мүмкүнчүлүгү чектелген адам катталса, анын дээрлик 6 миңи балдар. Шал оорусу, жогорку жана төмөнкү бутунун патологиясы менен ооругандардын саны көбөйдү. Ошондой эле ар кандай жаракат алып, натыйжада буту-колунан ажырагандар да бар. Биздин кызматкерлер аларды нөлдөн баштап басууга, протез, балдак колдонууга практикалык түрдө үйрөтөт. Мындай учурларда аларга колдоо көрсөтүү абдан маанилүү", — деди Жайлообаева.
Дарыгер учурда мекемеде өндүрүлгөн продукциялар чет өлкөлүк аналогдордон эч айырмасы жоктугун, эгер өкмөт тарабынан жетиштүү каржылоо болсо, протездик-ортопедиялык буюмдарды Европа мамлекеттеринен кем эмес жасап чыгара алышарын кошумчалады.