Шайлоого катышкандардын саны канчага жетти? Саат 14:00гө карата маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы шайлоо участкасында БШКнын кызматкери
Бишкек шаарындагы шайлоо участкасында БШКнын кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Учурда Нарын облусундагы шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүүдө (18,94 пайыз), ал эми Чүй облусу эң артта (14,24 пайыз) баратат.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.
Учурда Нарын облусу активдүүлүк көрсөтүүдө (18,94 пайыз), ал эми Чүй облусу эң артта (14,24 пайыз) баратат.
Бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 16,39 пайызы же 593 315 миң жаран өз тандоосун жасады.
БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо саат 14:00дө катышуу 18,54 пайызды түзөгөнүн айтып, мында шайлоочулардын активдүүлүгү 2 пайызга төмөн болуп жатканын белгиледи.
Жергиликтүү убакытка байланыштуу АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго шаарындагы шайлоо тилкелери ачыла элек.
Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0