Добуш берип жаткан жаран - Sputnik Кыргызстан

Бүгүнкү парламенттик шайлоо кандай өтүүдө: видео, сүрөт, баяндама

Жазылуу
Жогорку Кеңешти шайлоо саат 8:00дө Кыргызстандын бардык жеринде башталды. Республиканын ичинде 2 435 шайлоо участкасы иштеп жатат. Сыртта дагы 59у уюштурулган.
Президент Садыр Жапаров жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Шайлдабекова Жапаровго добуш берүүнүн жол-жобосун көрсөттү. Сүрөттөр
Учурда шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жатат, эмне окуялар болууда, шайлоочулардын канчасы добуш берди жана дагы ушул сыяктуу маалыматтарды биздин онлайн-репортаждан билип, окуп, көрүп туруңуз.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
01:00 29.11.2021
Депутат на заседаним Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан, 1920
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме
00:58 29.11.2021
00:51 29.11.2021

Парламенттик шайлоодо АСУга салынган бюллетендердин дээрлик 10 пайызы жараксыз чыкты. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Тагыраак айтканда, 116 246 бюллетень жараксыз чыккан, бул жалпы добуштардын 9,64 пайызын түзөт. 

Жалпысынан 1 205 821 кыргызстандык добуш берүүгө катышты, аталган көрсөткүч шайлоочулардын 32,56 пайызын түзөт.

 БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жараксыз бюллетендердин саны канча болбосун шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганын билдирди.

Ошондой эле ал кол менен саноо учурунда АСУ жарактан чыгарып салган бюллетендер азайышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

 

 

00:16 29.11.2021

Коопсуздук кеңештин катчысы, Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов БШКнын сайтына хакердик чабуул болгонун билдирди.
Ал маалымат борборунда шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу билдирүү жасады.
“Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен барып БШКнын серверин текшергени бардык. Ошол убакты адистер кандайдыр бир чабуул болгонун айтты. Былтыр да ушундай чабуул болгонун айтышты. Бирок экрандан хакердик чабуулду тосуп жатканын көрсөтүштү. Катуу корголгондуктан таасир эткен жок. Адис чабуулдарды басаңдатып, жол бербеген жокпуз” деп айтты ”, — деди Иманкулов.
Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого эч ким кимге жол берилбей турганын белгиледи.

22:56 28.11.2021
АСУ эсеби боюнча кимдер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Ысымдары - Sputnik Кыргызстан, 1920
АСУ эсеби боюнча кимдер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Ысымдары
22:05 28.11.2021
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бир мандаттуу округдан депутат болуп келгендер. Алдын ала түзүлгөн тизме
22:02 28.11.2021
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты. АСУ эсеби - Sputnik Кыргызстан, 1920
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты. АСУ эсеби
22:01 28.11.2021

Алдын ала берилген маалымат боюнча, алты партия 5 пайыздык босогодон өттү:

"Ата-Журт Кыргызстан" — (17,4%);
"Ишеним" — (13,7%);
"Ынтымак" — (10,95);
"Альянс" — (8,35);
"Бүтүн Кыргызстан" — (6,75);
"Ыйман нуру" — (6,04)


 

21:20 28.11.2021

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган маалыматка караганда, парламентке 6 партия өттү.

Белгилей кетсек, АСУ эсеби шайлоонун акыркы жыйынтыгы катары эсептелбегендиктен маалымат толукталып турат. Учурда добуштардын 88,29 пайызы саналып бүттү.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтынан алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңешке 10 партия өткөн. Бирок мекеменин сайтында мүчүлүштүк болуп, эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү маалым болду. 

Жаңы болжолдуу жыйынтык боюнча тизме:

"Ата-Журт Кыргызстан" (17,4%);
"Ишеним" (13,7%);
"Ынтымак" (10,95);
"Альянс" (8,35);
"Бүтүн Кыргызстан" (6,75);
"Ыйман нуру" (6,04.)


Дагы: https://sputnik.kg/politics/20211128/1054783914/zhogorku-keneshke-alty-partiya-ottu.html

21:15 28.11.2021
21:07 28.11.2021

Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты иштебей калды.

Буга чейин сайттагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар туура эмес берилип жаткан. Андан соң жыйынтыктар көрсөтүлбөй калды.

Саат 20:00дө ЖК шайлоосуна добуш берүү аяктап, БШК сайтына АСУнун эсеби боюнча алдын ала жыйынтыктар жарыяланып жаткан.

 

 

18:48 28.11.2021

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 18:00гө карата 1 050 163 кыргызстандык добуш берди. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 28,36 пайызын түзөт.
Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (32,05 жана 31,8 пайыз), Чүй облусу дагы деле артта (25,31 пайыз) баратат.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 28,66 пайызы же 1 037 373 миң жаран өз тандоосун жасады.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
18:44 28.11.2021
Первый заместитель председателя Комитета Государственной думы Федерального собрания России по делам СНГ, евразийской интеграции и связям с соотечественниками Казбек Тайсаев - Sputnik Кыргызстан, 1920
Байкоочу: башка мамлекеттер Кыргызстандын шайлоо системасын киргизиши керек
16:31 28.11.2021

Нарын жана Ош облустарында добуш сатып алуу фактысы көбүрөөк катталууда. Бул туурасында  Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Султан Макилов билдирди.

 "Бизге түшкөн маалыматтарда добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатканы аныкталды. Кээде акча түрүндө эле эмес, жол салып же кандайдыр бир объект куруп берүүгө аракет кылгандар бар. Мындай учурлар Бишкекте мурункудай болбой, азайып калды. Көбүнчө Нарын жана Ош облустарынан катталууда", — деди Макилов. 

 

15:07 28.11.2021
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Тегеране - Sputnik Кыргызстан

Иран, Тегеран.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Эр-Рияде - Sputnik Кыргызстан

Сауд Аравиясы, Эр-Рияд

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Абу-Даби - Sputnik Кыргызстан

Бириккен Араб Эмирлиги, Абу-Даби

15:01 28.11.2021

Шайлоо процессинин жүрүшүндө милицияга мыйзам бузуу боюнча 15 даттануу келип түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Нарисбек Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Саат 14:00гө карата шайлоо процессин бузуу боюнча 15 арыз келип түштү. Ар бири текшерилип, маалыматтарды каттоо журналына киргизилди. Текшерүүдөн кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат, такталбаса журналдан чийилет же БШКга чара көрүү үчүн өткөрүп беребиз. Даттануулар шайлоочуларды ташуудан баштап добуш сатууга чейин болууда. Бирок алар азыр текшерилип жатканын белгилейбиз", — деди Кыдырбаев.

 

 

14:55 28.11.2021

Бул — мажоритардык система деп аталат. Кыргызстан 36 шайлоо округуна бөлүнүп, бирден депутат шайлап жөнөтөт.

Ар бир округда ашык-кеми менен 100 миң шайлоочу болот. Аймактык өзгөчөлүгүнө жараша биринде 80, экинчисинде 120 миң болуп калышы мүмкүн.

Мунун шарты жөпжөнөкөй, эң көп добуш алганы парламенттен орун алат. Эгер эки талапкер тең бирдей добуш алып калса, шайлоо комиссиясына катталуу үчүн биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.

Бир мандаттуу округга талапкерлерди партиялар жана өзүн-өзү көрсөтө алат. Партия бир округга бир эле талапкер сунуштай аларын белгилей кетүү керек.

Бул система менен добуш берүү жеңил эле. Бюллетенде талапкерлердин тизмеси жана "баарына каршы" графасы гана болот.

Кызыгы, бир мандаттуу округдан шайланган депутат кокусунан мандатынан ажырап калса, ал округда кайрадан шайлоо өтөт. Бирок мөөнөтү бүтөрүнө бир жылга чейинки убакыт калса, жаңы депутатты шайлоо талап кылынбайт.

 

14:42 28.11.2021

Бул преференциалдык система деп аталат. Партия мурдагыдай эле талапкерлердин тизмесин түзөт, бирок алардын санын 54төн ашырбашы керек. Бул учурда аялдардын, жаштардын, ар улуттун өкүлдөрүнүн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын квотасын да сакташы шарт.

Дагы бир өзгөчөлүгү — дүңүнөн добуш берүү токтотулду.

Эми сиз партиянын өзүнө эле эмес, ичиндеги конкреттүү бир талапкерге да добуш бере аласыз. Анда бюллетень эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө партияларды аты жана "баарына каршы" графасы, анын жанына бош чарчы коюлат.

Бюллетендин экинчи бөлүгүндө номер коюлган 54 чарчыны көрө аласыз. Чарчынын номерин партиянын тизмесиндеги талапкердин номери деп түшүнүңүз. Башкача айтканда, купулуңузга толгон талапкерге добуш берүү үчүн анын катар номерин билүү маанилүү. Эгер номерин билбей же унутуп калсаңыз, шайлоо участкасына бардык керектүү маалыматтарды илип коёт. Ошол жерден караңыз.

Көңүлүңүзгө бир нече талапкер жагып турса, айла жок, бирөөнү гана тандаш керек. Кыскача айтканда, бир партия — бир талапкер.

Дагы бир маанилүү жагдайды эске алыңыз. Эгер жактырган талапкериңизди шайлап, бирок партияга добуш бербесеңиз бюллетениңиз жараксыз деп табылат.

Тескерисинче, эгер партияга добуш берип, талапкерлерди көз жаздымда калтырсаңыз эч нерсе эмес. Анда партияны босого чекке жеткирүүгө жардам берди деп саналып калат.

Ал эми кокусунан толкунданып же адашып бюллетенди булгап алсаңыз, сарсанаа болбоңуз. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө кайрылып жаңы бюллетень алууга укугуңуз бар. Албетте, жарактан чыккан бюллетенди кайтарып бересиз.

 

 

 

14:02 28.11.2021

 Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чет өлкөлөрдө уюштурулган 55 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо уланууда.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Риме - Sputnik Кыргызстан

Италия, Рим.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан

Түркия 

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан

Түркия, Стамбул.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан

Россия, Новосибирск.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Куала-Лумпур - Sputnik Кыргызстан

Малайзия, Куала-Лумпур

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Киеве - Sputnik Кыргызстан

Украина, Киев

13:17 28.11.2021

Ош ОИИБ саат 13:30га карата маалымат таратты. 

"Ош облусунун аймагында 2021-жылдын 28-ноябры, саат 13:30га карата алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда мыйзам жана коомдук тартипти бузуулар катталган жок", — деп айтылган маалыматта. 

13:06 28.11.2021
13:05 28.11.2021

"Талапкерлерге карата ачылган кылмыш ишинде күнөөлүү экени аныкталса, шайлоодон утуп келсе да мандат берилбейт", - деди БШКнын мүчөсү, Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров.

Буга мыйзамдын жол берилери айтылды. 

"Добуш берүү бүткөндөн 20 күндөн кийин БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарат. Ал аралыкта укук коргоо органдары кайсы бир талапкер мыйзам бузганы аныкталганы тууралуу толук маалымат берсе, биз анын каттоосун алып салабыз. Ага берилген добуштар да жокко чыгарылып, мандат берилбейт. Буга мыйзам жол берет, бизде мүмкүнчүлүк бар", — деди Шайназаров. 

 

 

13:03 28.11.2021

Кыргызстанда жалпысынан 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

 

13:01 28.11.2021

Шайлоо участкалары ачылгандан кийин төрт сааттын аралыгында бирдиктүү шайлоо округу боюнча 339 785 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 9,17 пайызын түзөт.

Учурда Ош шаары активдүүлүк көрсөтүүдө (катышуу 10,94 пайыз), ал эми Чүй облусу эң артта (7.81 пайыз) баратат.

Бир мандаттуу округ боюнча 329 965 миң кыргызстандык же жалпы шайлоочулардын 9,12 пайызы катышты.

 

 

12:35 28.11.2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатында добуш берип жатып төмөнкүчө сүйлөгөн:

 "Партиялардын программаларын карап чыктым, тилекке каршы, бардыгыныкы окшош. Баары бактылуу жашоону каалашат, бирок көйгөйлөрдү чечүү жолу аз, ага жетүүнүн жолун бардыгы эле биле бербейт. Бейиш эле эмес, тозок да бар экенин унутуп калышат. Мыйзамдын эки тарабы бар, аткарылганы жана аткарылбай калганы. Парламент акырындап ишке кирип, бутуна туруп, элдин жашоосун жакшырта турган программалар боюнча иштеп баштайт деп үмүттөнөм. Бардык программалардын ичинен эң мыктысын тандадым деп айта албайм, болгондордун ичинен жакшыраагын карадым. Болгону ушул. Бул биздин мамлекет, биздин программалар, биздин партиялар", — деген Жапаров.

 

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
12:24 28.11.2021
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат. Байкоочулардын пикири
12:03 28.11.2021
11:27 28.11.2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан № 1142 шайлоо участогунда добуш бергенин өкмөттөн билдиришти. 

Добуш берүү процедурасы аяктаган соң Акылбек Жапаров мекендештереге кайрылып, аларды өз жарандык милдетин аткарууга чакырды. 

"Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулата турган мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем. Өлкө тарыхында алгач ирет президенттин администрациясы жана министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот. Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук жарандык позицияңыздарга ишенем”, — деди Жапаров.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
11:21 28.11.2021
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
11:09 28.11.2021
Кыргызстандыктар ЖК депутаттарын шайлоого кандай катышып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кандай катышып жатат
10:53 28.11.2021

Бирдиктүү шайлоо округу (партиялык тизме) боюнча саат 10:00го карата 107 852 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 1,91 пайызын түзөт. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча 103 332 жаран же шайлоочулардын 2,86 пайызы тандоо жасады.

10:41 28.11.2021
10:15 28.11.2021

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун алкагында добуш берүү үчүн Ташкент шаарында Ниёзбек йули, 30 көчөсү, 6-өтмөк дареги боюнча элчиликте уюштурулган № 9025 шайлоо участогу өз ишин баштады. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00гө чейин иштейт.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
10:14 28.11.2021

Ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкерлери жана жооптуу кызматкерлер бекитилген.

Өздүк курам шайлоо учурунда жарандардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздайт, шайлоо участкаларындагы абалга көз салып, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылбай, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн иш алып барат.

Чүй ОИИББ жарандарды добуш берүү жайларында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет!

09:58 28.11.2021

Бүгүн, 28-ноябрь күнү, саат 08:00дө Ош шаарында жана Ош облусунда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды.

Ош шаарында 156 миң 996 шайлоочу бар. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов билдиргендей, шайлоо санитардык талаптарды сактоо менен өтүүдө. Ар бир шайлоо тилкесинде медицина кызматкерлери бар жана милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылууда.

Добуш берүү ошондой эле жети районунда да жүрүп жатат. Шайлоо тилкелеринде саат 08:00дө мамлекеттик гимн жаңырып, карыялар батасын беришти.

Ош облусунда жалпы 515 шайлоо тилкеси бар.

09:49 28.11.2021

Кыргызстанда бирдиктүү шайлоо округу боюнча 12 137 адам (13 481 катталган), бир мандаттуу округ боюнча 11 616 киши (13 009 катталган) шайлоо участкасынан тыш добуш берди. Бул тууралуу БШК маалымдады.

09:45 28.11.2021

Учурда облустун бардык аймагындагы шайлоо тилкелеринде жарандар добуш берүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облуста бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 305 136 адам, ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча 306 062 киши добуш берүү укугуна ээ. Бүгүн эртең менен 218 шайлоо участкасы ачылып, иштеп баштады. 

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкалары санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган. Жалпысынан коомдук тартипке көз салууга облус боюнча 436 милиция кызматкерлери тартылды. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардан элдик кошуундар уюштурулду. 

Шайлоо участкалары электр генераторлору жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлгөн.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
09:29 28.11.2021

Сеул убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин имаратында мамлекеттик гимн аткарылып добуш берүү үчүн № 9042 шайлоо участкасы ачылды.

Элчиликте консулдук каттодо турган жарандар социалдык аралык нормаларын сактоо менен добуш берүүгө катышууда.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Сеуле - Sputnik Кыргызстан
09:19 28.11.2021

Сүрөттөрдө Аламүдүн районундагы №7179 жана Октябрь райондарындагы №1137 шайлоо участкалары

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва - Sputnik Кыргызстан
09:07 28.11.2021

Нур-Султан шаарында Кыргызстандын элчилигинин имаратында №9028 участогу ачылды. ТИМдин маалыматы боюнча шайлоо участкасында мурда жалпы элдик добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере алат.

Биринчилерден болуп Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев жана башка кызматкерлер добуш беришти.

Учурда уланып жаткан COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрүлүп жатканы айтылды.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва - Sputnik Кыргызстан
08:46 28.11.2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №71 мектепте жайгашкан №1142 шайлоо участкасында добуш берери айтылган.

08:45 28.11.2021

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин имаратында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө № 9040 добуш берүү участогу ачылды. Ал кечки сегизге чейин иштейт.

Шайлоо участогу Пекин шаарынын Чаоян районунун Сяоюнь көчөсү № 18 дареги боюнча жайгашкан. Пандемияга байланыштуу добуш берүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен өткөрүлүп жатат.

08:42 28.11.2021
08:35 28.11.2021

Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы №1053 участкасында добуш бергенден кийин журналисттерге чыгып, элди шайлоого активдүү келүүгө чакырды. Өз сөзүндө ал ар бир добуштан келечек аныкталарын белгиледи.

08:29 28.11.2021
08:23 28.11.2021

Чоң-Арык шайлоо участкасындагы урна калыбына келтирилди. Иш 20 мүнөткө токтоп калган.

08:19 28.11.2021

Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасындагы урнанын иши үзгүлтүккө учурап калганын жеринен Sputnik агенттигинин кабарчылары билдирүүдө. Алардын айтымында, урна бюллетендерди кабыл албай жатат. Сүрөттөрдөн кезек пайда болгону көрүнүп турат. Баса, президент Садыр Жапаров дал ушул участоктон добуш берет.

08:15 28.11.2021

Бул шайлоого эл аралык 730 байкоочу көз салат. БШК жал ушунча байкоочуну каттаганын билдирген болчу.

08:12 28.11.2021

Быйылкы шайлоо башкача эреже менен өтөт. Аны Sputnik Кыргызстан агенттиги видео аркылуу көрсөтүп бергенге аракет кылган.

08:09 28.11.2021

Арыбаңыздар, ардактуу окурмандар!

Ошентип Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталды. Бүгүн жалпы эл VII чакырылыштын депутаттарын шайламакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0