Добуш берүүнүн жүрүшүн Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялап, элдин шайлоого катышуусу боюнча маалымат улам билдирүү келген сайын жаңыланып турат.
Жалпысынан Кыргызстанда 2 345 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет жактагы мекендештер үчүн 29 мамлекетте 59 шайлоо участкасы уюштурулган.
Эске салсак, бул жылы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жаңы тартип менен өтүп жатат. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат. Ошол себептен шайлоо күнү добуш бере тургандар дароо эки бюллетень алышат. Добуш берүүнүн тартиби тууралуу буга чейин атайын видеоматериал да даярдаганбыз.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо экинчи ирет өтүп жатат. Былтыр 2021-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин жокко чыгарылган.