Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды

© Фото / пресс-служба президента КРКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Концепциянын долбоору өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга багытталган практикалык иш-чараларды камтыганы айтылды.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 26-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоорун тааныштырды. Айрым талкуулардан соң кеңештин мүчөлөрү документти бир добуштан колдоп беришкен.
Жыйында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы өз сөзүндө буга чейинки Улуттук коопсуздук концепциясы 2012-жылы кабыл алынганын белгиледи.
“Улуттук коопсуздуктун чакырыктары жана коркунучтары статистикалык болуп саналбайт, алар трансформацияланат жана эволюцияланат”, — деген Жапаров.
Өлкө башчысы ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө инновациялык технологиялардын тездик менен өнүгүүсү, агрессиянын өсүшү, туруктуу негиздеги конфессия аралык жана башка терс факторлор улуттук коопсуздук үчүн жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратарын белгиледи.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жапаров: өлкөдө азык-түлүк менен камсыз кылуунун деңгээли кооптуу абалда
“Ушуга байланыштуу концепция жана анын негизинде иштелип чыккан программалар жана доктриналар статистикалык документ, өзгөртүүгө болбой турган догма болуп калбашы керек. Мындай мамиле концепцияны ишке ашыруу коомду сактоого, адамзат потенциалын өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жогорулатууга, коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, коомдун биримдигине жана ынтымагына, өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетишүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана эл аралык абройду жогорулатууга максималдуу түрдө өбөлгө түзөт”, — деп белгиледи президент.
Өлкө башчысы ар бир министрлик, комитет жана ведомство концепцияны ишке ашыруу боюнча тиешелүү тармактык, региондук жана ички ведомстволук программаларды жана пландарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш экендигин белгилеп кетти.
Жапаров бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул процессти жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.
“Биринчи кезекте бул Коргоо министрлигине тиешелүү, алар Аскер доктринасынын жаңы долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгып, бекитүүгө киргизиши керек. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдар туруктуу негизде өркүндөтүлүүгө тийиш. Ал кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдерге гана эмес, узак мөөнөттүү болушу керек. Биз мезгилге шайкеш иш кылууга, бул тармакта мыкты эл аралык тажрыйбаны иликтөөгө жана талдоого милдеттүүбүз”, — деген президент.
Жапаровдун сөзүндө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоону камсыз кылуу үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишке колдонууга киргизүү керектиги айтылды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Эки ай берем. Жапаров жыйында Ташиевди тургузуп алып тапшырма берди. Видео
“Бул иште өлкөнүн жаңы Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу олуттуу жардам көрсөтөт. Сиздер өзүңүздөр байкагандай, концепциянын долбоору өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга багытталган практикалык бир топ иш-чараларды камтыйт”, — деп белгиледи президент.
Жапаров ушул бардык иш-чаралар максималдуу тез жана натыйжалуу ишке ашырылышы керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0