Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар кайдан кантип добуш берет?
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар кайдан кантип добуш берет?
Жакында өтө турган парламенттик шайлоодо чет жактагы мекендештер үчүн 59 шайлоо участогу иштейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын даректерин тизмектеди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтына ылайык, октябрь айынын аягына карата сырттагы 75 миң 651 жаран каттоодон өткөн.
Россиядагы кыргызстандыктар 16 шаарда жайгашкан 31 шайлоо участогунда добуш бере алат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 29 мамлекетте 59 шайлоо тилкеси иштейт.
Эске сала кетсек, чет өлкөдөгү кыргызстандыктар пропорционалдык система менен партиянын тизмесиндеги талапкерге гана добуш бере алат.
Бул ирет парламенттик шайлоо преференциалдык жана мажоритардык болуп аралаш система менен өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 300дөй жаранды талапкер катары каттады.
Чет өлкөдөгү шайлоо участокторунун даректери
Россия Федерациясы
Ш/У
Дареги
9001
9005
9015
9059
9016
9017
9002
9003
9004
9006
9007
9009
9010
9013
9014
9018
9020
9021
9026
9052
9053
КРдин РФтеги элчилиги
КРдин РФтеги элчилиги
КРдин РФтеги элчилиги
КРдин РФтеги элчилиги
№ 627 мектептин имараты
№ 627 мектептин имараты
КРдин РФтеги элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы
КРдин РФтеги элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы
Владивосток шаары
Якутск шаары
КРдин РФтеги элчилигинин Иркутск шаарындагы канцеляриясы
КРдин Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу
КРдин Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу
КРдин РФтеги элчилигинин Түштүк Сахалин шаарындагы канцеляриясы
КРдин РФтеги элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы