Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди

© AFP / MARK WILSONДоллар купюра пачкалары. Архив
Доллар купюра пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Акыркы тогуз жылдын ичинде Кыргызстандан чет жактарга жеке адамдардын акча которуулары аркылуу 390 миллион 480 миң доллар чыгарылган.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстанда ири өлчөмдө чыккан акча тууралуу комментарий берди.
Эскерте кетсек, акыркы тогуз жылдын ичинде Кыргызстандан чет жактарга адамдар аркылуу 390 миллион 480 миң доллар которулган. Бул көрсөткүч башка жылдардагы ушул мезгилге салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн башкы банкына кайрылып, мында сөз өлкөдөн каражаттын чыгарылышы тууралуу болуп жатабы деген суроого жооп издеди. Мындан сырткары, ал каражат кандай максатта которулуп жатканын айтып берүүнү өтүнгөн.
Улуттук банк акча которуу системалары аркылуу которулган каражат бул өлкөгө келгенин же сыртка чыкканын көрсөткүчтүн бири гана экендигин белгиледи.
"Акча которуу системаларынан тышкары адамдар, анын ичинде эмгек мигранттары өз каражаттарын банктык эсептер, почта бөлүмдөрү аркылуу же накталай өлкөгө алып келип же тыш жактарга которо алышат. Жеке адамдардын банк системасы аркылуу которуулары боюнча маалыматтар өзүнчө көрсөткүч болуп саналат. Ал адамдардын жеке которууларын чагылдырат жана өлкөгө кирген же өлкөдөн которулган акча каражаттарынын жалпы көрсөткүчүн чагылдырбайт", — деп айтылат комментарийде.
Башкы банк акча чыгаруу боюнча рекорд деп айтуу туура эмес экенин белгиледи. Анткени чыккан акчанын динамикасы акыркы жылдардагы орточо көрсөткүчтөрдөн ашпайт: 2019 жана 2020-жылдарды эске албаганда өлкөгө кирген же чыгарылган акча каражаттарынын агымы азайган күндө деле Кыргызстандан акча которуулар орточо эсеп менен 23 пайызга өстү.
Сом купюралары менен киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш
"Жалпысынан экономикага тийгизген таасири жагынан алганда, кирген акча менен чыккан акчанын ортосундагы айырманы кароо максатка ылайыктуу", — деди Улуттук банк.
Белгиленген мезгил ичинде банк системалары аркылуу алынган акча которуулардын көлөмү да 17,3 пайызга өскөн жана 2005-жылдан бери максималдуу чегине жетип, 2 миллиард 032,3 миллион долларды түзгөн (которуу системалары аркылуу акча которуулардын статистикасы 2005-жылдан бери жүргүзүлүүдө).
"Натыйжада жогоруда айтылган чыккан акчанын көлөмүн (390,5 миллион доллар) эске алуу менен 2021-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жеке жактардын трансферттеринин өсүшү байкалат. Трансфер системалары аркылуу акча которуулардын таза агымы 1 миллиард 641,8 миллион долларды түздү, бул 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 19 пайызга көп", — деген Улуттук банк.
Башкы банк ошондой эле "каражаттарды чыгарып кетүү" деген туура эмес экенин белгиледи.
Киши доллар купюралар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Мигранттар быйыл Кыргызстанга көбүрөөк акча которду. 8 айлык статистика
"Каражаттарды чыгарып кетүү" бул каражаттарды чет өлкөдө кыйла жеңилдетилген шарттарда жайгаштыруу дегенди билдирет. Акча которуу системалары негизинен чет өлкөдөгү жакындарынын күнүмдүк жашоосуна, туристтик жана медициналык кызматтарга төлөө, чет өлкөдөгү кыргызстандык студенттерди колдоо (окуу акысын төлөө, турак жайды ижарага алуу ж.б.у.с.) максаттарында колдонулат", — деп кошумчалады башкы банк.
Белгилей кетсек, сентябрда Кыргызстанга бир ай ичинде акча которуу боюнча рекорддук көрсөткүч катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0