Чүйдө төрт күндөн бери 15 жаштагы эки кыз изделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан кыздар. Архив
Көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Милициядан билдиргендей, курбу кыздар ушул жылдын 14-ноябрында Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Сокулук райондук милициясы 15 жаштагы Айсезим Замирбек кызы менен Зыйнат Иманказы кызын издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка караганда, курбу кыздар ушул жылдын 14-ноябрь күнү Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
Зыйнат Иманказы кызынын өзгөчө белгилери: бою 155 сантиметр, чачы узун, арыкчырай, кара тору. Оң колундагы сөөмөйүндө тырыгы бар. Жашыл куртка, ак шым кийип жүргөн.
Айсезим Замирбек кызынын өзгөчө белгилери: бою 150 сантиметр, акжуумал, чачы узун. Мурдунун оң жагында меңи бар.
Өспүрүмдөрдү көрүп-билгендер Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03 номерлери аркылуу кабарласа болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0