Зоотбекова: аймактарды арзан көмүр менен камсыздоо аракеттери көрүлүүдө
12:41 18.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова. Архив
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Кара-Кече кени күчөтүлгөн тартипте иштеп, көмүр 24 саат бою казылып жатканын маалымдады.
Аймактарда калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Жийде Зоотбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Зоотбекова: аймактарды арзан көмүр менен камсыздоо аракеттери көрүлүүдө
Анын айтымында, учурда борбор калаада кара алтын 3 миң сомдон эки кампада сатылууда.
"Ушу тапта "Кыргыз көмүр" ишканасынын алдындагы Кара-Кече филиалында 24 саат бою көмүр казылууда. Кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Калкка, Бишкек ЖЭБге дагы көмүр берилүүдө. Өлкө башчынын буюртмасы жана министрлер кабинетинин тескемеси менен ишканага 25-30 тонналык 100 оор жүк ташуучу автоунаалар берилген. Учурда Кара-Кечеде 3 миң сомдук көмүр үчүн жашыл коридор ачылып, борбор калаага алып келинүүдө. Биринчи күнү сегиз машина менен 200 тоннага чукул көмүр калкка сатылды. Кезек абдан чоң болгонуна байланыштуу кошумча дагы бир көмүр сата турган кампа уюштурулду. Ишкананын милдети — Кара-Кечеде көмүрдү казып, оор жүк ташуучу унааларга жүктөп берүү. Жеке компаниялар аны тоннасын 1330 сомдон сатып алып, каалаган баада сатат, ал көзөмөлгө алынбайт. Соңку убакта алар көмүрдүн тоннасын 6-7 миң сомдон сатып, бир рейстен 150 миң сом тапса, анын 80 миң сому таза киреше болот. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок жеке ишкерлер көмүрдүн наркын арзандатууга каршы чыгып, ал тургай эски видеолорду жүктөп "көмүр казылбай, тыгын жаралууда" деп жалган маалыматтарды таратышууда. Албетте, беш кол тең эмес, жеке ишкерлердин арасынан калкка 3 миң сомдон көмүр алып келүүгө көмөк берүүгө даярдыгын билдиргендер да жок эмес. Мындай жөрөлгө Бишкектен башталууда. Учурда башка аймактарда да уюштуруу аракеттери көрүлүүдө", — деди Зоотбекова.
Ошондой эле ал көмүрдүн сапатынан күмөн саноонун кажети жок экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: