https://sputnik.kg/20211115/aysuluu-tynybekova-aksh-sportchy-kyzdar-mastar-klass-1054597623.html
Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздарга күрөштүн ыкмаларын үйрөттү. Видео
Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздарга күрөштүн ыкмаларын үйрөттү. Видео
Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында Wrestle Like a Girl уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш үйрөткөн. 15.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-15T10:06+0600
2021-11-15T10:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
айсулуу тыныбекова
күрөш
акш
мастер-класс
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/06/1054141545_0:0:2048:1153_1920x0_80_0_0_536dc7a58ea6f0ebd2d2a5a819a58ddd.jpg
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова АКШлык спортчу кыздарга мастер-класс өттү. Бул тууралуу ал өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди. Эки жолку дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында Wrestle Like a Girl уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш өнөрүнүн ыкмаларын үйрөткөн.Wrestle Like a Girl уюму АКШнын үч жолку чемпиону, эки ирет дүйнө чемпионатынын коло байгесин уткан Салли Робертс тарабынан негизделген. Уюмдун ишмердүүлүгү аялдар күрөшүн өнүктүрүү аркылуу кыз-келиндер мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.Мастер-класс өткөнүн балбан кыз өзү да Instagram баракчасында эскерип, аябай толкунданганын билдирген. Спортчу кыз буга чейин алдыда дагы ийгиликтерди багындыруу АКШда машыгуусун улантып жатканын айткан.Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султанда (Казакстан) жана 2021-жылы Ослодо (Норвегия) өткөн дүйнө чемпионаттарында алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байге тагынган. Мындан сырткары, 2020-жылы Сербияда өткөн дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болгон.
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/06/1054141545_227:0:2048:1366_1920x0_80_0_0_93eff7a5aa47a73d73eae539520ef6df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, айсулуу тыныбекова, күрөш, акш, мастер-класс
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, айсулуу тыныбекова, күрөш, акш, мастер-класс
Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздарга күрөштүн ыкмаларын үйрөттү. Видео
10:06 15.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында Wrestle Like a Girl уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш үйрөткөн.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова АКШлык спортчу кыздарга мастер-класс өттү. Бул тууралуу ал өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.
Эки жолку дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында Wrestle Like a Girl уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш өнөрүнүн ыкмаларын үйрөткөн.
Wrestle Like a Girl уюму АКШнын үч жолку чемпиону, эки ирет дүйнө чемпионатынын коло байгесин уткан Салли Робертс тарабынан негизделген. Уюмдун ишмердүүлүгү аялдар күрөшүн өнүктүрүү аркылуу кыз-келиндер мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Мастер-класс өткөнүн балбан кыз өзү да Instagram баракчасында эскерип, аябай толкунданганын билдирген.
"Мен АКШда Wrestle like a girl уюмунда алгачкы ирет мастер-класс өттүм. Чынын айтсам аябай толкундандым. Бирок ал кыздар мени жылуу маанайда, колдоо менен кабыл алышты. Алардын бийик максаттарга жетишине тилектештигимди билдирем", — деген Тыныбекова.
Спортчу кыз буга чейин алдыда дагы ийгиликтерди багындыруу АКШда машыгуусун
улантып жатканын айткан.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова
2019-жылы Нур-Султанда (Казакстан) жана 2021-жылы Ослодо (Норвегия) өткөн дүйнө чемпионаттарында
алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байге тагынган. Мындан сырткары, 2020-жылы Сербияда өткөн дүйнө кубогу
мелдешинде чемпион болгон.